Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:46

Театрды чарбага алмаштырган актер


Асан Аманов менен Жолдошбек Жанжигит уулу.

Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Кайыңды айылынан чыгышка үч чакырымдай жол басканда тоо тарапта илгерки совет мезгилинен калган кашар көзгө урунат.

Кезинде бул жерде совхоздун бир короо кою кыштачу. Ошол кашарда азыр театр, кинонун белгилүү актеру, эмгек сиңирген артист Асан Аманов үй-бүлөсү менен жашайт.

Учурашып кетейин деп кайрылдым. Кашардан нары тоо бетинде карагайлуу токой дүпүйөт. Кашарга жакындаганда айланасына алма бак, карагай, тал тигилген. Үйдөн Асан байке чыкты бакылдап, ак сакалы төшүнө жеткен, 70ке чукулдаса да кыймылы шайдоот. Учурашып, ал-акыбалды сурашкандан кийин "үйгө киргиле" деди. Өзү кашардын оозундагы ачык короого барып артисттик үн менен “чипи, чипи, чипи, чип” деп кыйкырганда айлана-тегеректен жайнаган тооктор Асан байкеге чуркады.

Ичимден кайран талант, кара курсактын айынан бирөөнүн чарбасында жалданып калган тура деп ойлодум.

- Ии, байке, бул кимдин чарбасы?

- Меники!

- Коюңузчу тамашаңызды, ушунун баары сиздикиби?

Жумушун токтотуп басып келди да, көк майсаңга көчүк басып кебин улады:

- Ээ иним, өзүң жакшы билесиң. Эгемендүүлүк алгандан кийин мамлекет маданиятка көңүл бурбай калбадыбы, жеңең экөөбүз Султан Ибраимов атындагы Ош кыргыз драма театрында 20 жылдан ашуун иштедик. Экөөбүздүн айлыгыбыз өп-чап болуп, эптеп кара курсакты тойгузганга жетип калган. 2002-жылы бейиши болгур атам бул кашарды сатам же айылга кел деп калды. Союз ыдыраганда менчиктештирип коюптур. Ош драма театрында 40ка чукул башкы ролдорду ойнодум, анан эмгек сиңирген артист наамын нервди жеп атып беришти. Байбичем менен кеңешип, ошол жылы айылга келип, атамдын кашарынын жанына вагон коюп эки балам менен жайгаштым.

Чарбачылык менен алектенип, тээтиги бакчадагы алма-өрүктөрдү отургуздум, жашылча айдадым. Ижарага кошумча жер алып дан эгиндерин, беде септим, картошка отургуздум. Кудайга шүгүр, жакшы баксаң түшүмү мол болот экен. Үндүк багып, 500гө жеткирдим. Бирок үндүк аябагандай жут болот экен, аларды сатып азыр 100дөн ашуун тоок кармайм. Булардын күнүмдүк жумурткасын өткөрсөң бир топ тыйын болот. 27 жылкы, уй-торпогу 13 баш болду. Кой-эчки кармаган жокмун бакчаны талкалап жиберет. Бир саан уйду калтырып, бодо малдын баарын саттым. “Эр эмгегин, жер жебейт” деген чын. Ыгын таап жакшылап эмгектенсең, анын эки эсе кайтарымы болооруна көзүм жетти.

Байбичеси самоор көтөрүп чыгып, суу куюп, от тамызып, желим чаканы алып бак-шакты аралап кетти.

- Жеңең жумурткаларды чогултканы кетти. Түшкө чейин бир чака, түштөн кийин бир чака, эки чака жумуртка терип өткөрөт. Тыйыны кенен кесири жетет. Өзү шашылып бутуна резиңке өтүк кийе салып, чоң кетменди көтөрүп бакчага жөнөдү. Мен аны карап күлүп артынан бастым.

Төрт-беш сотых жердеги бакчада жашылчанын ондон ашык түрү капуста, ашкабактар казандай, бадыраңдар барсайып, кулпунай кызарып калыптыр, мөлтүрөгөн кожогатка (малина) суу салып атып.

- Эмне күлөсүң, бир жерим жыртылып калыптырбы?

- Жок байке, Ягонун кетмен көтөрүп суу сугарганы күлкүнү келтирет,-дедим.

- Ээ, бир мезгил өткөн тура атаңгөрү. Дүйшөн байке (Байдөбөтов) Отелло, мен Ягону ойнодум. Экөөбүз театрга түнөп иштегенбиз. Кийин фествалда Яго үчүн “Эркектин эң мыкты ролу” деген номинация берди. Спектакль биринчи орунду алды. Мен Ош драма театрында 40ка чукул башкы каармандарды ойнодум, бирок көңүлүмө жакканы Яго менен Какчың кемпир болду.

Мен кайра күлдүм.

- Эмне күлөсүң?

- Какчың кемпирди ойногонуңузду элестеп күлүп атам. Азыр абышка болуп төшүңүзгө түшкөн ак сакал коюп алыптырсыз? Кемпир болсоңуз Какчың кемпирдей болмоксуз.

1980-жылы республикалык театр фестивалында Ош драма театры Насирдин Байтемировдун “Баланын бары да балээ, жогу да балээ” деген комедиясын көрсөтүп байгелүү орундарды жеңип алган. Башкы каарман Какчың кемпирди Асан Аманов укумуш катыра ойногон.

- Ошондо театрдын директору мени Бишкекке фестивалга жибербей атып араң жиберген эле, -деди арыктагы сууну тиктеп.

- Ошол кемпирдин ролун кандайча ойноп калдыңыз?

- Режиссер Искендер Рыскулов болчу. Ролду бөлүштүрүп, кемпирдин ролун Г.Каныметова, Н. Мамбетоваларга берип. Эгер балдар, кааласаңар силер дагы ойносоңор болот деп калды. Мен ошондо 33 жашта элем. Пьесаны кайра-кайра окуп, ролго кызуу даярдандым. Чоң апам Алымбүнүн колунда өсүп калгам, эки курдашы бар болчу. Үчөө эзилишип чай ичип отургандарын баскан-турган кулк-мүнөзүн элестетип атып, үч кемпирден бир Какчың кемпирдин образын түздүм. Жаман болгон жок.

Бишкекте фестивалда көрсөткөндөн кийин даңазалуу Даркүл Күйүкова "Сабира Күмүшалиева экөөбүз дагы мындай чыгара албайт болчубуз" дегенде кызык болгом. Ошол спектаклди Кыргызстандын бардык аймагында көрсөттүк. Кемпирди көрөбүз деп артыбыздан ээрчип келип көргөндөр болгон. Ошол фестивалдан кийин артисттердин арасында кемпирлердин образын түзгөндөр көбөйгөн. Мени киного заманбап режиссер Нурбек Эген алып келди. Анын “Аталар керээзи” тасмасында Жусуп почточуну ойноп киного аралашып кеттим. Отуздан ашуун киного тартылдым.

"Киного тартылганда эңсөөм канып, жан дүйнөм жыргайт"

Кийинки жылы режиссер Бектен Абдылдаев Эл акыны Жалил Садыковдун “Эр Төштүк” драмасын коюп, Жезкемпирдин ролун Асан Аманов кыябына жеткире аткарган.

- Аске, сизди профессионал актер экениңизди жакшы билем. Бул чарбачылык, багбанчылыкты кайдан өздөштүрдүңүз?

- Ар бир жумуштун ыгын таап, жан дилиң менен иштесең кайрымы болот. Береги бир гектар жерде алма, өрүктүн 100 көчөтүн кол менен отургуздум. Алча, өрүк, шабдалы, карагат, гилас баары бар. Жер үлүшүм алты гектарга жетти. Дыйканчылык, багбанчылыкты кошумча окуу куралдарын китеп-журналдарды окуп, буга дагы чыгармачылык менен мамиле кылдым. Ушул айылда туулуп өскөндөрдүн кээ бири жөндөп арык каза албай суу сугарганды, алманы кыйыштырганды билбегендер бар. Айылга карагай-кайың, малина, карагаттын көчөттөрүн берсем, кууратып салгандар болду. Жер менен сырдашып мээрим төксөң жер эне эки эсе кайрымын берет.

- Аске, орто чарбалуу болуптурсуз эми театрдын деле кереги жоктур?

- Ээ үка, театр деген өзүнчө оору, жан дүйнөнүн оорусу. Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу дегендей, мен жыргаганымдан чарбакер болуптурмунбу. Керели кечке кара жумуш кылып жүрүп жатсаң тырп этпей жыргап уктайсың. Эртең менен кадыресе сергип каласың. Чыгармачылыкта канчалаган уйкусуз түндөрдү өткөрдүм. Киного тартылып келгенде эңсөөм канып, жан дүйнөм толуп жыргап калам. Бул театрдын сахнасында жөн эле кере-кере дем алып алгандын өзү ырахат. Театрдан жан дүйнөң ыракаттанат.

- Аске, жаш актерлорго кандай кеңеш берер элеңиз?

- Чынында театрларда көп жаш актерлор, башкы ролду ойнойбуз деп үмүт этип жүрө беришет. Баарына эле роль тие бербейт эмеспи. Анан массовкада жүрүп жаштыгы, өмүрү өтүп кеткендер бар. Ошолорго айтар элем, баягы Л.И. Брежнев, “Нан болсо, ыр дагы болот” деп бекер айтпаптыр. Жаш актерлор алы-күчү барда берегидей чарба күтүп алышса, же болбосо айлыкты карап отура бербей кошумча иштесе. Мен Ош драма театрында иштеп жүргөндө театрга тебетей, калпак тигип, күмүштөн ар кандай буюмдарды жасап берчүмүн. “Үй-бүлө, тыл тынч болсо, курсагы ток болсо” чыгармачылыгың өсөт. Анан куру кыялданып жүрө берсе эч нерсеге жетпейт. Өмүрдү текке өткөрбөгүлө дейт элем.

"Аске, мамлекеттен кандай жардам күтөөр элеңиз?" - дедим. Эл артисти наамын сурайбы деп ойлогом.

- Жаш өйдөлөгөн сайын адам акыл айтканга маш болот тура. Мен акыл айтпайм, бийлик башындагыларга сунушум бар. Атамбаевдин учурунда эмгек сиңирген артист наамына жеңилдиктерди жойдуруп салган. Байкуш артисттер наам үчүн деп жүрүп өмүрү өтүп атпайбы. Ошол жеңилдиктерди ордуна койсо, мамлекет маданиятка көңүл бөлсө. Мына мамлекеттин бюджетинен айлык алгандардын маянасын көтөрөбүз деп атышат. Андан көрө жер үлүшүн, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берип, кошумча чарба кармоого милдеттендирип, иштегенге көндүрсө. Жеп-ичкендерди тазалоо керек. Деги эле кыргыздар кол учу менен кыймылдап, папке көтөргөнгө машпыз. Анан "жалкоо кыргыз" десе арданабыз,-деди.

-Кой, сууну бурайын деп кетменин алып жогору басты.

Асан Амановдун өмүр таржымалы

Асан Сражидинович Аманов 1955-жыл 31-августа Чоң Кеминдин Кайыңды айылында төрөлгөн.

1974-жылы Москвадагы Шепкин атындагы театралдык окуу жайына өтүп, аны 1979-жылы аяктап, Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрына ишке алынат.

Эки жылдык театр студиясынан окуган байбичеси Галия Ахмеджанова экөө Оштогу театрда 20 жылдан ашуун, 2002-жылга чейин иштеген.

2000-жылы КРдин Эмгек сиңирген артисти наамы берилген.

Театрда ондогон ролдорду ойноп, 30дан ашуун киного тартылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG