Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:15

Элмирбек актер да болгон...


Элмирбек Иманалиев

Белгилүү публицист, жазуучу жана журналист Мелис Арып-Бектин Кыргыз Республикасынын Эл артисти, төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин жаркын элесине арналган “Элесиң элдин эсинде, эл акыны Элмирбек” аттуу китебинин бет ачары 11-августа Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада болду.

Китеп эки акын –Элмирбек Иманалиев менен Зайырбек Ажыматовдун жана тирүү энциклопедиядай түркүн маалыматтарды өзүнө сиңирген Элмирбектин эң жакын досу Сүйүнбай Бөлөкбаевдин жаркын элестерине арналган экен.

Башкы барагында үчөө тең жарышып жарым жыл аралыгында дүйнө салышканы айтылып, үч куплет ыр басылыптыр.

Элдин элең элчиси,

Элимдиндин элең энчиси.

Эл эпосу эсиңде,

Эмири элең Элмирбек,

Эркеси элең элиңдин.

***

Элегинен элдин эленип,

Эс-акылы элең Элмирбек

Эт жүрөктү эзилтип,

Эртеледиң Эгеме Элмирбек,

Эңшерилтип эсин элиңдин.

***

Энчилеп эрте ээндикти,

Эзилттиңби Элмирбек?

Эсеби эрте экен Эгемдин,

Эми элесиңди эстешип,

Эсиндесиң Элмир элиңдин.

Жогоруда китеп Зайырбек Ажыматовго да арналат дегени менен Элмирбек экөөнүн достугу учкай айтылганы менен ал жөнүндө кеңири маалыматты көрө албадым. Балким анын ырларына анализ жүрүп экөөнүн поэтикалык өзгөчөлүктөрү чагылдырылса ажары ачылат беле? Бул эми менин жеке көз карашым.

Ошондой эле китепте Элмирбектин балалык чагы, ата теги, өмүр жолу, чыгармачылыгы камтылган.

Автор китептин кириш сөзүндө:

"Элмирбектин көзү өткөнүнө арадан билинбей жыл өтүптүр. Даректүү китеп –жыйнак абдан көлөмдүү Жаназыкка айланыптыр. Алты жүз беттен ашыптыр. Андыктан, үчилтикке бөлүүгө туура келди, Окурман! Биринчи болүгүн ирээттеп басмага бергенде, сигналдык экземплярын чыгарып беришти" деп жазган экен.

Демек, биздин колубузда азырынча китептин биринчи бөлүгү гана десек болчудай.

Китепте Элмирбектин төкмөлүгү, манасчылыгы, жазма акындыгы жана башка өнөрлөрү чагылдырылган. Менимче, анын актерлугу камтылбай калган экен. Эмесе кеп ошол тууралуу болсун.

Элмирбек – актер

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун жатаканасында кошуна туруп калдык. Кээде экинчи кабаттагы терезенин жанында чыгармачылык жөнүндө баарлашчубуз.

Ошондой күндөрдүн биринде "Агай сиз менен бир нерсени кеңешейин" дедим эле деп калды.

"Айта гой" дедим.

"Замир байке (Кыргыз эл артисти Замир Сооронбаев) мени болбой эле Сейит Алтымышевдин “Таң булбулу” деген драмасында Токтогул Сатылгановдун ролун театрда ойнотуп атат. Роль аткаруу бир тозок турбайбы. Мындай карасаң оңой сезилет. Антип койбойбу, минтип койбойбу дегени менен аткара келгенде азап экен, жан дүйнөң тим эле эңшерилип абдаарып калат турбайсыңбы. Ролдон баш тартсамбы дейм. “Чымчыкты сойсо да касапчы сойгону жакшы” дегендей ар ким колунан келген ишин жасаганы туура да кандай дейсиз?" деп калды.

"Аның туура, бирок актердук дагы өзүнчө керемет өнөр. Эгер актердук дараметиң ачылса, акындыгыңды ого бетер арттырат. Баш тартпа аракет кыл! Чыгармачылыкта оңой нерсе болбойт. Жан дүйнөңдү жабыркатып, кыйналып толгонгондо гана ийгиликтер жаралат" деп кеңеш бергеним эсте.

Байкашымча, Элмирбек жаш чагында өтө эле жумшак эле, коймаарек тартып калчу. Ага чыгармачылык эргүү келбей жатканын туйдум.

"Репетиция каякта канчада болуп жатат?" деп сурасам, Кыргыз драма театрынын сахнасында күн сайын таңкы саат 9дан 5ке чейин иштеп жаткан экен.

Бир-эки күндөн кийин театр жакка жумуштап барып калдым. Элмирбек айткандай сахнада репетиция жүрүп жаткан экен. Режиссер Замир Сооронбаев артисттерди бирде мактап. бирде жемелеп даярдап жатыптыр. Жолтоо болбоюн деп музыка жана жарык берүүчү бөлмөгө кирип карап отурдум.

Токтогулдун ролун ойной турган Элмирбектин эки ийини шалпыйып, кыймылы олдоксон көрүндү. Замир байке ага образды түшүндүрүп чый-пыйы чыгып атат. Элмирбек ансайын өзүн жоготуп, уяң тартып, өзүн ыңгайсыз сезгенин көрдүм.

Жатаканага келип Элмирбекти кызыл бурчка ээрчитип барып роль ойноонун ыкмаларын, эрежелерин түшүндүрдүм.

"Сен Токтогулду же кайсы бир актерду туураба. Токтогулдун жаш курагын ойноп атасың. Эгер сен турмушта Токтогул болсоң эмне кылат элең? Анын кыймылы, баскан-турганы, мүнөзү кандай? Мен Токтогулмун деп сырт келбетиң эмес, жан дүйнөң, жүрөгүң аркылуу өткөр" дедим.

"Секиргич (скакалка) алып кел?" десем моюн толгоду.

"Жип да болсо алып кел?" десем, бир шнур таап келиптир. Эми ушуну кичине кезиңде ойногонуңдай секирип, ролдо айта турганыңды катуу-катуу үн чыгарып тез-тез кайталай бер дедим.

”Коюңузчу агай, болбойт го?" деп жылмайды.

"Болот! Ушинтип иштейт, ролуң жакшы болсун десең, мен айтканды аткар. Режиссердон коркпо, тескерисинче анын жубайы Калича эженин сүйлөө сабагына катышып, тилиңди жатыктыр", - дедим.

Элмирбек эс-тутумунун мыктылыгы, айтканды илип алган дилгирлиги, аткарууга аракети жана жоопкерчилиги менен дагы өзгөчөлөнчү.

Айткандай эле Элмирбек режиссердун элегинен өтүп, ойлонуп-толгонуп жүрүп 2003-жылы премьерада Токтогулдун ролун аткарып, актердукту дагы азыноолак өздөштүрүп айырмаланган.

Ушул жерден айта кетейин, ырчы, дастанчылардын баары эле роль аткарбайт. Ага шык-жөндөм менен кошо аткаруучулук чеберчилик, жоопкерчилик болушу зарыл.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын эл артисти залкар төкмө акын Тууганбай Абдиев “Махабат дастаны” кинотасмасында роль ойноп, ырчы, дастанчы Орозбек Кутманалиев “Ак кеме” киносунда чеберчилик көргөзгөн.

Театр сахнасында дастанчылардан Элмирбек Иманалиев гана образ жаратып, актердук дараметин ача алды.

Автордон: Китептин автору Мелис Арып-Бек – эркин журналист, публицист бир нече даректүү китептердин жана ондогон макалалардын автору. 1990-жылдары Ленинграддагы кыргыздардын “Ак-кеме” коомдук уюмун уюштурган. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин режиминде ИИМдин мурдагы министри Молдомуса Конгантиевдин кеңешчиси болгону да белгилүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG