Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

"Кумтөр ишиндеги" кош стандарт мамиле


Темир Сариевдин акцияга чыккан тарапташтары. Бишкек. 24-август, 2021-жыл.
Темир Сариевдин акцияга чыккан тарапташтары. Бишкек. 24-август, 2021-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук соту “Кумтөр иши” боюнча камакка алынган мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди үй камагына чыгарганы белгилүү болду.

Ал мамлекетке 50 млн. сом төлөп берген. Ушул эле иш боюнча камакта жаткан парламент депутаты Төрөбай Зулпукаровду сот үй камагына чыгаруудан баш тартты. “Кумтөр иши” боюнча кылмыш иши козголгон дагы бир премьер-министр Темир Сариев жалган көрсөтмөнүн негизинде камакта жатканын билдирип чыкты. Анын 24-августка белгиленген бөгөт чарасын кароо 25-августка жылдырылды.

Соттун астында Сариевдин жүздөгөн тарапташы саясатчыны үй камагына чыгарууну талап кылып турушту.

“Азыркы сөздү булар укса, Темирди үйгө чыгарып, адилеттүү карап, тактап анан чечим чыгарса болот эле. Эми тагылган күнөө боюнча, мунун башатында кечээ келип кеткен Акаев турган да. Эми келип алып көзү өткөн Танаевге шылтап, аны узатып коюшту. Жаш балдар билбей калса дагы, ал менен күрөшкөн адам катары биз билебиз да. Ошол келишимдерди оңдойбуз деп аракет кылган адамды камап койгон кудайга дагы жакпайт”, -деди Сариевди колдоп келгендердин катарында болгон мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков.

Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Динара Кутманованын жалган көрсөтмөсүнүн негизинде камакта отурганын айтып чыкты. 23-августта анын кыргызстандыктарга кайрылуусу жарыяланды.

Темир Сариев.
Темир Сариев.

Кайрылууда Сариев Кумтөр боюнча 2012-жылдагы ал жетектеген комиссиянын жумушчу тобуна жергиликтүү эксперт катары Кутманова да тартылганын, ошол учурда өз оюн айтканга, суроолорго жооп бергенге мүмкүнчүлүгү болгонун белгилеп, анын тергөөдө “Сариев экологиялык зыянды кыскартып койду” деп айтканы карандай калп экенин билдирди.

“Анын эксперт катары 25 барактан турган корутундусу толук отчетко кирген. Ал айтып жаткан 5 млрд. доллар зыян отчеттун 327-бетинде бакыйып жазылып турат. Бирок ошол эле өзү берген сунуштарында бир да жеринде сотко бериш керек деген сунуш жок. Ушундай жазылып турса да "меникин киргизбей койду" дегенди кандай түшүнсө болот? Мамлекеттик депутаттык комиссиянын сотко берүүгө укугу жок. Андай укук мамлекеттин агенттигине, инспекцияларга берилген. Ошондуктан мамлекеттик комиссия “Центеррага" берилген доо-арыздарды колдойт” деп корутундуга жазганбыз. Кутманова Динара жөн жерден калп айтып коомчулукту алдап, адаштырып жатат”, - деди Сариев.

Атайын кызмат Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген Сариевди "Кумтөр кениндеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан" деген айып менен 3-августта кармаган.


Темир Сариев айыптаган Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Динара Кутманова “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып “Иш менин арызымдын негизинде эмес, мөңгүнүн үстүнө калдык таштоо маселеси боюнча козголду” деп айтты жана Сариев жетектеген мамлекеттик комиссиянын парламенттеги отчету учурунда ага сөз берилбей калганын билдирди.

“Тескерисинче Сариев 2012-жылдан бери адаштырып келет. Мен тергөөчү же прокурор бекем? Мен айтсам эле кылмыш ишин козгой бербейт да. Кылмыш иши менин арызым менен эмес, экологияга келтирилген зыян боюнча козголду. Ошол жыйындын видеосу турат. Мен ал жерде маселелерди көтөргөм. Мага сөз бербей коюшкан”.

Ошол кезде экономика министри болуп турган Темир Сариев 2012-жылы 4-июлда түзүлгөн Кумтөр кенин иликтөө үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген. Сариевге чейин андагы депутат Садыр Жапаров депутаттык комиссияны жетектеп, бирок парламентте ал комиссиянын отчету кабыл алынган эмес.

Тергөө Сариевди мамлекеттик комиссиянын төрагасы катары экологиялык доону Садыр Жапаров жетектеген комиссиянын доосунан аз көргөзгөн деп күнөөлөп жатат.

Темир Сариевдин адвокаты Тимур Султанов мамлекеттик комиссиянын отчету сунуш катары гана кабыл алынганын белгиледи.

“Өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин токтому менен мамлекеттик комиссиянын отчету эске алынсын деп чечим кабыл алынган. Бул эмнени билдирет? Мамлекеттик комиссиянын отчету сунуш гана болгон. Комиссия ачык-айкын иш алып барган, бардык иштер маалымат каражаттарынын катышуусу менен өткөн”.

Абылгазиевге арачы болгон 50 млн. сом

“Кумтөр иши” боюнча айыпталып камалган дагы бир премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үй камагына бошотулганы 24-августта белгилүү болду. Ал мамлекетке 50 миллион сом төлөп берген.

Абылгазиевдин бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен сотко Башкы прокуратура кайрылып, анын ден соолугу начарлап баратканын жана материалдык чыгымды төлөгөнүн жүйө келтирген.

Журналист Жылдызбек Керимбаев экс-премьер-министр Абылгазиевдин абакты акчага айырбаштап чыгышын сындап чыкты.

“Абылгазиев 50 млн. сом берип абактан чыгыптыр. Былтыр пандемия учурунда каза болгон миңдеген адамдын өлүмүнө ким жооп берет? Абылгазиевдин өкмөтүнүн, Жээнбековдун бийлигинин шалаакылыгынан, эл аралык уюмдардан келген жардамдардын уурдалганынан миңдеген адам өлгөн. Ал иштер революцияга алып келди. Мен ал окуяларга Жээнбеков менен Абылгазиев жоопкер деп эсептейм”.


Абылгазиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) быйыл 26-январда кармап, ал “өкмөт башчы болуп турганда мыйзам бузуп, “Кумтөр Голд Компани” ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго кол койгонун, натыйжада кендин жалпы аймагы эки эсе көбөйгөнүн” билдирген.

Атайын кызмат белгилегендей, бул токтом кабыл алынып жаткан кезде аталган кендин аймагын кеңейтүүгө тыюу салган токтом күчүндө болчу.

Мындан тышкары, атайын кызмат “Абылгазиев мамлекеттик кызматта турганда өзүнүн активдерин мыйзамсыз көбөйтүп, аларды мыйзамдаштыруу үчүн Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө кымбат баалуу мүлк сатып алган жана тандалма көп кабат үйлөрдү куруу тармагына каржы салып, кылмыш жообуна тартылбаш үчүн бул активдерди башка адамдарга жаздырып койгон” деп маалымдаган. УКМК анын мүлкү деген сүрөттөрдү жарыялаган.

Быйыл июнь айында ал УКМКнын тергөө абагынан "Бикард" менчик бейтапканасына которулган.

Депутат Зулпукаров камакта калды

24-августта Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровду үй камагына чыгаруу тууралуу адвокаттарынын арызын карап, депутатты камакта калтырды.

Зулпукаров 31-майда Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Асылбек Жээнбеков менен кошо “Кумтөр иши” боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде камалган.

Депутаттын тарапташтары 50 млн. сом төккөн мурдагы премьер-министр Абылгазиев үй камагына чыгарылып, Зулпукаровдун камакта калышына нааразылык билдиришүүдө.

Зулпукаровдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова “Кумтөр иши” боюнча козголгон кылмыш ишинин логикасы жоголгонун айтты.

“Сот Төрөбай Зулпукаровду камакка калтырганда оор кылмыш ишине айыпталып жаткандыктан үй камагына чыгарганга болбойт деген жүйө келтирип жатат. Бирок бул жүйөсүнүн Бабановго, Абылгазиевге тиешеси жок болуп жатпайбы. Соттун чечими мыйзамдуу, адилеттүү болуп, баарына бирдей мамиле болуш керек. Булар болсо каалаганын чыгарып коет, каалаганын камап коет. Мисалы, президенттин парламенттеги өкүлү Данияр Нарымбаев камакта жатат, өкмөттүн өкүлү Динара Молдошева боштондукта жүрөт. Абылгазиев акча төлөп чыгып атат, Бабанов жөн гана дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кетип атат. Эки-үч депутат камакта жатат, калганы үйүндө жүрөт. Логика кайда?”.

Төрөбай Зулпукаров парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидеринин орун басары болчу. Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы Асылбек Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон.

Буга чейин “Кумтөр иши” боюнча камакка алынган дагы бир экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов чет өлкөдө дарыланып келүү үчүн камактан бошотулган.


Бабанов өзүнө коюлган айыпты абсурд деп келген.

УКМК буга чейин “Кумтөр иши” деген аталыш алган кылмыш иши тергелип бүтүп калганын жарыя кылган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча 1992, 1994, 2003 жана 2009-жылдардагы келишимдер боюнча козголгон кылмыш иши аягына чыкты. Коррупция фактылары аныкталып, күнөөлүү адамдарга кылмыш иши козголуп, айрымдарына издөө жарыяланган.

2017-жылы түзүлгөн келишим жана Суу кодексине кирген өзгөртүү боюнча тергөө жүрүп жатканын, күнөөлүү адамдарга юридикалык баа берилерин маалымдаган.

Саясатчыларга жеткен Кумтөр чыры
please wait

No media source currently available

0:00 0:52:02 0:00

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG