Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:06

“Центерра”: алтын азайып, акция арзандады


Кумтөр алтын кени. 28-май, 2021-жыл.
Кумтөр алтын кени. 28-май, 2021-жыл.

“Центерра Голд” компаниясы 2021-жылдын экинчи кварталынын жыйынтыгын жарыялады. Кумтөргө тышкы башкаруунун киргизилиши канадалык компаниянын кирешесине кандай таасирин тийгизди?

Торонтодо катталган “Центерра Голд” компаниясы 2021-жылдын экинчи кварталындагы же апрель, май жана июнь айларындагы киреше жана чыгымдары тууралуу 10-августта телефон конференциясын өткөрдү.

Кумтөр алтын кенине көзөмөлдү колдон чыгарган учур дал ушул экинчи кварталдын жарымына туура келгендиктен, “Центерра” өз отчетунда бул кендеги ишмердикти 15-майдан тарта “токтотулган же уланбай калган операция” деп мүнөздөдү.

“Центерранын” финансы маселелери боюнча жетекчиси Даррен Миллман компания Кумтөрдү көзөмөлдөбөй калганына байланыштуу миллиондогон доллардык жоготууга учураганын айтты.

“15-майга чейин Кумтөр кенинде 44,8 миллион доллардык таза киреше катталган. Кумтөргө көзөмөл жоголгонуна байланыштуу өзгөрүүлөрдөн улам 926 миллион доллардык чыгым катталды”, - деп билдирди Даррен Миллман.

Бирок “Центерранын” расмий отчетунда бул чыгым же жоготуу кандай эсептелгени так түшүндүрүлгөн жок. Болгону накталай эмес чыгым деп белгиленген.

Президент Садыр Жапаров жана Кумтөрдүн тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк. Кумтөр, 15-июнь 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаров жана Кумтөрдүн тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк. Кумтөр, 15-июнь 2021-жыл.

Отчет Кумтөргө тышкы башкаруу киргизилгенине байланыштуу “Центерра” экинчи кварталда мурдагыдан аз алтын өндүргөнүн көрсөттү. Отчетко ылайык, “Центерра” экинчи кварталдын алгачкы 44 күнүндө же 1-апрелден 15-майга чейин Кумтөрдө 1,4 тоннадай алтын өндүргөн. Түркия жана Канададагы башка эки кенде чыгарылган алтындын жалпы көлөмү 2 тоннага чукулдаган. Баарын кошкондо “Центерранын” үч ай ичиндеги алтыны 3,4 тоннаны түзгөн.

Бул биринчи кварталга жана былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кыйла аз. “Центерра” быйыл биринчи кварталда (январь, февраль, март) же Кумтөрдүн алтынына ээлик кылып турган учурда баш-аягы 4,5 тоннадай алтын өндүргөн. 2020-жылдын экинчи кварталында болсо 6,2 тонна алтын чыгарган. Анын беш тоннага чукулу Кумтөрдүн алтыны эле.

Кумтөргө байланган киреше

Натыйжада, соңку отчетко ылайык, компаниянын экинчи кварталдагы жалпы кирешеси биринчи кварталга салыштырмалуу дээрлик эки эсе азайды. Маселен, 2021-жылдын алгачкы үч айында “Центерранын” жалпы кирешеси 401,8 миллион доллар болсо, андан кийинки үч айда бул сан 202,2 миллион долларга чейин төмөндөдү.

“Центерра” Кумтөрдөн тышкары Канадада Маунт Миллиган жана Түркиядагы Өксүт кендеринде алтын жана жез өндүрөт. Ошондой эле АКШда молибден менен иштеген компанияга да ээлик кылат. Ошентсе да узак жылдардан бери “Центерранын” кирешесинин орчундуу бөлүгү Кумтөрдөн түшүп турган. Мисалы, 2020-жылдын отчетуна ылайык, былтыр “Центерра” бардык кендеринен 23 тоннадан ашык алтын өндүрсө, анын 16 тоннага чукулу Кумтөрдөн чыккан.

Кыргыз бийлиги Кумтөргө байланыштуу келишимдерди денонсациялоо аракетин баштаганын эске алганда, “эгер “Центерра” Кумтөрдү колдон чыгарса, канчалык баалуу компания бойдон калат?” деген суроо туулат. “Центерранын” президенти Скотт Перри 10-августтагы телефон аркылуу конференциясында компаниянын башка кендери бар экенин эске салып, кыргыз өкмөтү менен диалогду улантууга даяр экенин белгиледи.

“Биз мурда кылып келгендей эле кыргыз бийлиги менен конструктивдүү диалогго барууну туура көрөбүз. Бирок кыргыз бийлиги байланышуудан баш тарта берсе, биз мүлкүбүздү жана акционерлерибиздин кызыкчылыктарын коргоо үчүн мыйзамдык чараларды көрүүнү уланта беребиз. Анын ичинде биз баштаган эл аралык арбитраж жана Торонто менен Нью-Йорктогу соттук териштирүүлөр бар. Мурда айткандай, биз Кумтөрдү баалуу мүлк деп эсептесек да, ал болсо да, болбосо да биздин компания финансылык жактан күчтүү, колубузда оорчундуу деңгээлде каражат бар, олуттуу карыз жок. Канада жана Түркиядагы уланып жаткан ишмердигибизге ишеним бекем”, - деди Скотт Перри.

Ошентсе да “Центерра” Кумтөргө байланыштуу соңку жагдайлардан улам 2021-жылдын соңуна жана 2022-2023-жылдарга карата божомолдорун өзгөрттү. Ага Кумтөр алтын кени кошулган жок. Планда алдыңкы жылдары Түркиядагы Өксүт кенинде алтын өндүрүшү көбөйө турганы белгиленди.

Акциялар арзандады

Кыргыз тарап май айында Кумтөрдөгү экологияга келтирилген зыян жана салыкка байланыштуу канадалык компанияга 4,2 миллиард доллардай доо койгон. Аны улай кыргыз өкмөтү 17-майда “Центеррага” таандык “Кумтөр Голд” компаниясына тышкы башкаруу киргизген.

Канадалык компания дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган. Учурда Нью-Йоркто сот уланып жатат. Кыргыз тарап АКШдагы сот Кыргызстандагы кендин тагдырын чече албай турганын билдирип жатат.

Кумтөрдүн айланасындагы быйылкы окуялардан улам “Центерранын” Торонто жана Нью-Йорк биржаларындагы акцияларынын баасы төмөндөп кетти. Маселен, 11-августта Торонто биржасында “Центерранын” бир акциясы орточо 9,5 Канада долларына сатылды. Бул бир мурдагы баага салыштырмалуу дээрлик эки эсе аз. Былтыр август айында “Центтеранын” акциясы 18-19 Канада долларына чейин көтөрүлгөн болчу.

Акциялардын арзандашынан улам Кыргызстандын “Центеррадагы” 26 пайыздык үлүшүнүн наркы да төмөндөдү. Бир жыл мурда “Кыргызалтындын” канадалык компаниядагы жалпы үлүшү 1 миллиард 100 миллион АКШ долларынан ашып турса, учурда ал 550-600 миллион долларга гана бааланууда.

“Центерра” экинчи кварталдын жыйынтыгы менен ар бир акцияга 0,07 пайыздык дивиденд берилерин жарыялады. Ага ылайык, 8-сентябрдан тарта компаниянын акционерлерине 16,5 миллион АКШ долларындай дивиденд бөлүнүп берилет. Азырынча Кыргызстанга дивиденд берилери так белгисиз. Май айында “Центерра” “Кыргызалтынга” акцияларын башкаруу укугун чектеп, үлүштү сатууга тыюу салган болчу.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG