Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:19

"Кумтөр" келишимин денонсациялоо иши башталды


"Кумтөр" иши боюнча айыпталгандардын бир бөлүгү. Аскар Акаев, Дастан Сарыгулов, Курманбек Бакиев, Максим Бакиев, Игорь Чудинов, Алмазбек Атамбаев, Сапар Исаков, Асылбек Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Төрөбай Зулпукаров, Тайырбек Сарпашев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Кумтөр иши” боюнча мурдагы президент Аскар Акаев кылмыш жоопкерчилигине тартылганын жарыялады. Акаев Орусиядан Бишкекке келип, бир апта сурак бергенден кийин кайра өлкөдөн чыгып кеткен.

Мекеме буга улай кенге байланыштуу келишимдерди денонсациялоо жумуштары башталганын кабарлады. Ал жараяндын аягына чыгарынан күмөн санагандар арбын.

Акаев жана жоопкерчилик

Атайын кызмат Кумтөр кени жөнүндөгү кылмыш ишин иликтөөнүн баштапкы маалыматтары менен экинчи жолу 11-августта бөлүштү. Жаңы билдирмеде мекеме соңку камоолордун, сурактардын жана алардын алкагында кабыл алынган чаралардын жыйынтыктарын берди.

Демек, мекеме кабарлагандай, “тергөө негизделген корутундуларга келди жана ал чогултулган далилдер менен ырасталды”.

Тагыраагы “келишимдерди түзүүдө жана ар кандай толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүүдө “Камеко” жана “Центерра” канадалык инвесторлор менен кызматташууда баштан аяк ири өлчөмдөгү коррупциянын далили, Кумтөр кенин иштетүү менен байланышкан жана алардын шарттары Кыргызстандын элинин түпкү кызыкчылыктарына жооп бербейт” деп табылды.

УКМКнын расмий өкүлү Назгүл Кыдыралиева негизги бүтүмдөрдү “Азаттыкка” мындайча тааныштырды:
Назгүл Кыдыралиева
Назгүл Кыдыралиева

“Буга байланыштуу 1992-жылы Башкы келишимди түзүүдө жана 1994-жылы ага өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда коррупция фактысы боюнча экс-президент Аскар Акаев, экс-премьер-министрлер Турсунбек Чыңгышев, Апас Жумагулов жана "Кыргызалтын" мамлекеттик концернинин мурдагы президенти Дастан Сарыгулов кылмыш жоопкерчилигине тартылды, Экономикалык кайра куруу жана өнүктүрүү комитетинин экс-төрагасы Борис Бирштейн дале издөөдө. 2003-жылы “Камеко” компаниясы менен түзүлгөн Башкы келишимди реструктуризациялоо учурундагы коррупция үчүн да мурдагы президент Аскар Акаев кылмыш жоопкерчилигине тартылды”.

Мында атайын кызматтын өкүлү Аскар Акаев жана андан башка аталгандар кайсы сотто, качан, кандай жагдайда кылмыш жоопкерчилигине тартылганын тактай алган жок.

Сыягы мунун деталдарын журналисттер УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин өзүнөн сурап алууга аргасыз болчудай. Ташиев мурдагы билдирүүлөрүндө “айыптуулар кылмышын мойнуна алып жатканын, бирок иштин мөөнөтү өтүп кеткени үчүн алар камакка алынбай турганын” айткан. Ушул себептен улам “жоопкерчиликке тартылды” деген мурдагы президенттин бөгөт чарасы “камакка алуу” деп чечилген эмес окшойт.

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев 2-августта Бишкекке учуп келип, бир апта сурак бергенден кийин, 8-августта кайра Кыргызстандан чыгып кеткен.

Кайтарында кыска видео кайрылуу жарыялап, Кумтөр боюнча иштин алкагында тергөө менен кызматташып, көрсөтмө бергенин айткан. Соңунда элден кечирим да сураган.

Аскар Акаев
Аскар Акаев

"Мекенден алыс жүрүп, октябрь окуяларынан кийин Кумтөр алтын кенинин айланасында болуп жаткан окуяларга, чечкиндүү кадамдарга көз салып отуруп, четте кала албадым. Кыргызстанда жоопко тартылып, издөөгө алынсам да, "Кумтөр иши" боюнча көрсөтмө берүү үчүн келдим. Келишим түзүлгөндөн тартып Кыргызстан көп жолу канадалык компаниянын кызыкчылыгы үчүн, улуттук кызыкчылыкка каршы кадамдарды жасады. Анын ичинде кыргыз өкмөтүнүн "Камеко" компаниясын салыктардан бошотуу тууралуу 1992-жылкы токтому, кенди башкарууну Канада тарапка берип койгону үчүн кыргыз тарап эч кандай дивидендге да ээ боло албай, мамлекеттик бюджетке салык түшпөй калган. Бул жерде президент катары менин да катам бар, анткени "Кумтөр" долбоору боюнча чечимди мен кабыл алгам. Ошол өкмөткө Кыргызстандын кызыкчылыктарын эске алган деп сокур ишеним арткам. Мен катачылыктарым үчүн кечирим сурайм. "Кумтөр" долбоору боюнча кыргыз элинин үмүтүн актай албадым", - деген Акаев кайрылуусунда.

УКМКнын расмий маалыматында, тергөө ошондой эле 2009-жылы Кумтөр долбоорунун жаңы шарттары жөнүндө келишим түзүүдө коррупциялык фактыга юридикалык баа бергени белгиленет. Бул эпизод боюнча экс-премьер-министр Игорь Чудиновго жана "Кыргызалтын" ишканасынын башкармалыгынын мурдагы төрагасы Алмаз Жакыповго кылмышка шектүү экендиги тууралуу кабарлама берилди.

Мунун алкагында мурдагы президент Курманбек Бакиевге, анын уулу Максим Бакиевге, Мамлекеттик геология агенттигинин мурдагы директору Капар Курманалиевге, директорлор кеңешинин төрагасы Алексей Елисеевге, инвесторлордун өкүлү Андрей Сазановго издөө жарыяланды.

2012-2014-жылдар аралыгындагы чечимдерге байланыштуу экс-спикер, депутат Асылбек Жээнбековго, депутат Төрөбай Зулпукаровго, экс-премьер-министрлер Өмүрбек Бабановго, Темир Сариевге, экс-депутаттар Исхак Пирматовго, Талант Узакбаевге, Алмаз Батырбековго, президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Данияр Нарымбаевге, өкмөттүн парламенттеги мурдагы өкүлү Динара Молдошевага жана мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге айып тагылды.

Булардын ичинен Узакбаев, Батырбеков, Сарпашев тергөө менен кызматташуу келишимине ылайык үй камагына чыкты, Молдошева тилкат менен бошотулган. Бабанов дарылануу үчүн чет жакка чыгарылды. Калгандары камакта.
Аталгандардын айрымдары өзү же жактоочулары аркылуу иш боюнча коюлган айыптарды төгүндөп чыгышкан.

Шектүү катары ысымы келтирилгендердин бири, "Кыргызалтын" ишканасынын мурдагы президенти Дастан Сарыгулов 9-августта “Азаттыкка” курган маегинде күнөөсүн четке каккан.

“Кумтөргө байланыштуу келишимди Жогорку Кеңеш 1994-жылы 25-майда кабыл алган. Ал токтомго 350 депутат кол койгон. Андан кийин ошол эле жылы 31-майда өкмөт чоң жыйын өткөрүп келишимге кол койгон. 29 адам кол койгон, 24ү министрликтер менен комитеттердин жетекчилери, бешөө ири коомдук уюмдардын башчылары болчу. Жетекчилер эмне үчүн кол койгон, алар ошол өздөрүнүн мекемелеринин укугуна туура келген маселелерге жооптуумун деп кол коюшкан. Мен “Кыргызалтындын” жетекчиси катары Кумтөрдүн курулушуна жооптуу болгом жана анын өндүрүш-технологиялык көрсөткүчтөрүн камсыз кылуусуна кол коюп бергем. Андан бери 24 жыл өттү, Кумтөр иштеп жатат. Курулушуна, өндүрүш-технологиялык көрсөткүчүнө бир дагы доо жок. Анда мен эмнеге күнөөлүмүн? Эгерде Жогорку Кеңеш сессия менен келишимди бекитсе, өкмөт токтом менен ал келишимди турмушка ашырса, анан мен жалгыз эле күнөөлүү боло беремби? Анда калыстык үчүн жанагы 24 министрлик-комитеттердин жетекчилеринин баарын жоопкерчиликке тартсын да. Экология боюнча Жаратылышты коргоо комитети, алтын запастар боюнча Экология комитети жооптуу болгон, бардыгы ошондой болчу. Анан анын баарын унутуп коюп эле, баарына Сарыгулов жооптуудай кылып, мага түртүп коюшканы бул саясий куугунтук”.

УКМК тергөөнүн алгачкы маалыматтары менен биринчи жолу быйыл 8-июлда тараткан пресс-релизинде тааныштырган. Ал күнү мекеме жетекчиси Камчыбек Ташиев да басма сөз жыйынын өткөргөн.

Анда 2017-жылкы “Суу кодексине” өзгөртүү киргизүү жараяны жана Кумтөрдөн 500 миллион доллардын мыйзамсыз чыгарылып кетиши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-премьер-министр Сапар Исаков баштаган аткаминерлердин аракеттерине юридикалык баа берилери айтылган.

Соңку кабарында мекеме бул эпизоддор дале иликтенип жатканын тактады. Ал эми 1992-2009-жылдардагы эпизоддор боюнча тергөө акыркы стадияга келди.

Денонсациялоо жана анын арты

Бир ай баштагы басма сөз жыйынында коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөр иши тууралуу иликтөөнүн жыйынтыгында канадалык компания менен түзүлгөн документтердин баары мыйзамсыз деп табылганын маалымдаган. Натыйжада ал Министрлер кабинетин кенге байланыштуу бардык келишимдерди денонсациялоого чакырган.

Атайын кызматтын соңку билдирүүсүндө бул боюнча чараларды мекеме өзү баштаганы айтылды. УКМКнын расмий өкүлү Назгүл Кыдыралиева буларга токтолду.

“Тергөөдө аныкталган коррупциялык фактыларды жана канадалык инвесторлор менен Кыргызстан элинин кызыкчылыгына жооп бербеген келишимдердин шарттарын эске алуу менен, тергөө, республиканын Башкы прокуратурасы менен бирге Кумтөр долбоору боюнча келишимдерди денонсациялоо процессин баштады”, - деди ал.

УКМК мында да келишимдерди жокко чыгаруу боюнча так кандай аракеттер жүрүп жатканын, эмне чаралар көрүлгөнүн жана башка маселелерди ачыкка чыгарган жок.

Президент Садыр Жапаров жана Теңгиз Бөлтүрүк Кумтөр кенинде. 15-июнь, 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаров жана Теңгиз Бөлтүрүк Кумтөр кенинде. 15-июнь, 2021-жыл.

Кыргызстандын Министрлер кабинети Жогорку Кеңештин чечими менен быйыл 17-майда “Кумтөр Голдго” үч айга убактылуу сырттан башкаруу киргизген. Мындай сунушту парламентке алтын кенге байланыштуу түзүлгөн мамлекеттик комиссия берген.

“Сырттан башкаруу” деген сөз бул “кенди иш жүзүндө Кыргызстандын бийлиги башкарат” дегенди түшүндүрөт. Өкмөттүн атынан кенди азыр Теңгиз Бөлтүрүк жетектөөдө. Компанияны тыштан башкаруу зарыл болсо дагы узартылары айтылган.

Бирок азыр маселе же сүйлөшүү аркылуу чечилет, же соттошуу аркылуу чечилет. Үчүнчү жол кенди биротоло “улутташтыруу” же “келишимдердин баарын жокко чыгаруу”. Бирок өкмөт бул жолго түшсө анда артка жол жок.

Кыргызстандын Тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков өз ойлорун ортого салды.

Дүйшөнбек Камчыбеков
Дүйшөнбек Камчыбеков

“17-августта тышкы башкаруунун мөөнөтү бүтөт да, аны узартабызбы же кенди өзүбүзгө алабызбы, кыскасы бир жактуу чечим кабыл алышыбыз керек. Же келишүүбүз керек, же келишимдерди жокко чыгарып, улутташтырышыбыз керек. Буга чейинки келишимдердин бардыгы коррупциялык жол менен кабыл алынган деп таап, аларды “денонсация кылабыз” дегени, бул баары жаңы барактан башталсын деген ой. Анда парламент, өкмөт жана башка бардык мекемелер өздөрүнүн чечимдеринин баарын жокко чыгарышы керек. Бул боюнча Конституциялык соттун чечими бар, ал дагы артка кайтарылып, жокко чыгышы керек. Бирок эгер ушинтип денонсацияга барган күндө дагы АКШдагы же Швециядагы эл аралык арбитраждык соттон качып кутула албайбыз. Кыргыз өкмөтү мурда да ушундай эле учурларга кабылганын билебиз, ошол эле Кумтөр эл аралык соттордун биринде утуп алып, “Кыргызалтындын” акцияларын камакка алдыртып койгон фактылар болгон. Ошону үчүн эгер биз утуп алсак, бул чоң жеңиш эгер утулуп калса анда аларга компенсация төлөп берип калышыбыз мүмкүн”.

Кумтөр кениндеги жагдайды иликтеген Мамлекеттик комиссия канадалык "Центерра Голд" компаниясы Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек экенин билдирген.

Май айында болсо Бишкектин Октябрь райондук соту "Центерра Голдду" Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген. Ишкана мындай дооматтарды четке каккан жана Кыргызстандын өкмөтүнүн үстүнөн эл аралык сотко бир нече арыз менен кайрылган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG