Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Кыргызстандан машиненин катализаторун алып чыгууга тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Автоунаанын пайдаланылган катализаторун жана анда камтылган баалуу металлдарды, калдыктарын өлкөдөн ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө тыюу салынды. Мындай токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгонун басма сөз кызматы маалымдады.

“Убактылуу тыюу салуу чечими транспорттук газдын абаны булгап жатышын азайтуу менен адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, айлана-чөйрөнү, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоого багытталган”, - деп айтылат маалыматта.

Автоунаадагы катализатор - атмосферага уулуу заттардын чыгышын тосуп турган чыпка. Азот кычкылын, ис жана көмүр кычкыл газын зыянсыздандыра турган машиненин шайманы. Анда платина, палладий, родий деген баалуу металлдар бар. Ушундан улам Кыргызстанда аны саткандар көбөйгөн. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG