Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:02

Тажикстандагы орус аскердик базасына "Корнет" жеткирилди


"Корнет" комплекси.
"Корнет" комплекси.

Ооганстандагы абалга байланыштуу Тажикстандагы Орусиянын аскердик базасына ракетага каршы "Корнет" деп аталган жаңы комплекстер жеткирилди. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттиги Орусиянын Борбордук аскердик округунун басма сөз кызматына шилтеме кылып жазды.

"Корнет" комплекси душмандын чопкутталган согуштук техникаларын, ошондой эле тик учактарын жана башка учкучсуз аппараттарын жок кылууга багытталган заманбап курал.

5-августта Орусиянын коргоо министри Кыргызстандагы жана Тажикстандагы орус аскердик базалары ооган тараптан коркунуч жаралса, ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн чек араларын коргоо үчүн колдонула турганын билдирген.

Буга чейин Орусиянын Борбордук аскердик округу Тажикстандагы базага "Верба" деп аталган көчмө зениттик-ракеталык комплекстер, "Калашников" АК-12 автоматтары жана заманбап снайпердик мылтыктар жеткирилгенин кабарлаган.

21-июлда Орусия Тажикстандагы аскердик базаны 17 даана БМП-2 автоунаалары менен күчтөндүрүү чечимин кабыл алганы белгилүү болгон.

Тажикстандын аймагында Орусиянын сыртындагы эң ири орусиялык аскердик база эсептелген 201-база жайгашкан. Анда 7,5 миңге жакын аскер кызматкери бар. Орус базасынын Тажикстандын аймагында жайгашуу мөөнөтү эки өлкө өкмөттөрүнүн макулдашуусу менен 2042-жылга чейин узартылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG