Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

Шаардык сотто Сариевдин бөгөт чарасы каралууда


Сариевдин тарапкерлери шаардык соттун алдында. 2021-жылдын 25-августу.
Сариевдин тарапкерлери шаардык соттун алдында. 2021-жылдын 25-августу.

Бишкек шаардык сотунда бүгүн 25-августта мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин бөгөт чарасы боюнча маселе каралып жатат. Сот отурумуна Сариевдин өзүн да алып келишти.

Шаардык сотко анын адвокаттары кайрылып, бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну суранышкан.

Сот имаратынын алдында Сариевдин тарапкерлери да чогулуп, аны бошотууну талап кылып жатышат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген Сариевди "Кумтөр кениндеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан" деген айып менен 3-августта кармаган жана соттун чечими менен ал атайын кызматтын тергөө абагына эки айга камакка алынган.

Сариевдин адвокаты Кумтөрдөгү экологиялык зыянды ал эмес, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча тийиштүү мамлекеттик орган аныктаганын билдирген. (MTa)

XS
SM
MD
LG