Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

Кыргызстандагы лидер аялдардын алгачкы курултайы башталат


Жергиликтүү кеңешке шайланган аял депутаттардын жыйыны. 15-июнь, 2021-жыл.
Жергиликтүү кеңешке шайланган аял депутаттардын жыйыны. 15-июнь, 2021-жыл.

Бүгүн, 25-августта Токмок шаарында Кыргызстандагы лидер аялдардын алгачкы курултайы өтөт. Чүй облусунда баштала турган иш-чара Ош жана Нарын облустарында уланып, сентябрда жыйынтыкталат.

Курултай өлкөдө жүрүп жаткан социалдык-экономикалык жана саясий өзгөрүүлөр, пандемия шартында аялдар кыймылынын коомдогу ордун жана ролун анализдөө зарылчылыгына байланыштуу өткөрүлүп жатат. Анда көйгөйлөрдү талкуулоо менен катар ийгиликке жетишкен кыз-келиндердин тажрыйбасын жайылтууга шарт түзүлөт. Жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, өлкө жетекчилигине гендердик теңчиликке жетишүү, аялдар лидерлигин өнүктүрүү үчүн татыктуу шарт түзүү боюнча реалдуу кадамдарды жасоого чакырат.

“Аялдар тилектештиги” аттуу курултайды активист кыз-келиндер парламенттеги Аялдар укугу жана гендердик зомбулукту алдын алуу боюнча кеңеш жана Депутат аялдар форуму менен бирге уюштуруп жатышат.

Расмий статистика боюнча, Кыргызстанда аялдар 6,5 миллион калктын 50,4% түзөт. Аялдардын 64% айыл жергесинде жашайт.

Быйыл Кыргызстанда айыл кеңештерине шайлоо алгачкы жолу аялдарга 30 пайыздык квота берүү менен өткөрүлдү. Натыйжада айыл кеңештеринде аялдардын саны 9 пайыздан 38 пайызга өстү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG