Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

“Бир дүйнө Кыргызстан” тобокелдик шартындагы адам укуктарын талкуулап жатат


“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы Ысык-Көлдө "Тобокелдиктер жана коркунучтар мезгилиндеги адам укуктары" деген аталышта инновациялык семинар өткөрүп жатат. Уюмдун өкүлдөрү “Азаттыкка” билдиргендей, апталык иш-чара 27-августта жыйынтыкталат.

Семинарга табигый кырсык коркунучу бар Майлуу-Суу, Миң-Куш, Барскоон аймактарынын жергиликтүү лидерлери, коңшу өлкөлөр менен чектеш айылдарда жашаган активисттер, "Адам укуктары искусство жана маданият аркылуу" форматында иштеген документалисттер жана эксперттер, адвокаттар, журналисттер катышууда.

Алар “Ооганстандагы окуяларга байланыштуу гуманитардык кыйроону алдын алуу боюнча стратегияларды иштеп чыгуу үчүн Кыргызстандагы, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү жаңы чакырыктарды жана коркунучтарды эсепке алуу менен курчап турган чөйрөнү анализдөө жана баалоо боюнча биргелешкен ишти баштайбыз” деп билдиришти.

Кыргызстанда террордук уюм катары тыюу салынган "Талибан" кыймылы 15-августта Кабулду алгандан кийин он миңдеген жай тургун качууга аргасыз болду. Кыргыз бийлиги ооган жарандарына виза берүүнү убактылуу чектеген. Азыр виза студенттерге гана берилип жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG