Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Кыз-келиндердин дымагын колдогон Мектеп


Тренингдин катышуучулары.

25-январда Ысык-Көлдө «Аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештин болочок депутатынын» Мектеби өз ишин баштады. Бул Мектепте билим алганы өлкөнүн булуң-бурчунан келген кыз-келиндер 11-апрелде өтчү жергиликтүү шайлоодо багын сынап көрүшөт. 50 кыз-келин Мектепке катышуу үчүн өткөрүлгөн конкурста тандалып алынган.

Мектептин максаты – жигердүү аялдардын, анын ичинде кыз-келиндердин элеттик муниципалитеттердеги жергиликтүү кеңештерге депутат болуп шайлануу укугун ишке ашырууга көмөктөшүү.

Касиет Абдималик кызы.
Касиет Абдималик кызы.

27 жаштагы Касиет Абдималик кызы Жалал-Абад облусунда жашайт. Касиет апрелде өтө турган шайлоого катышып, "депутаттык мандатка ээ болсом, бир топ маселелерди колго алам" деп көздөп жатат.

«Жергиликтүү кеңешке барган депутаттардын ичинен аялдар социалдык маселелерге көбүрөөк көңүл бурат. Алар көз жаздымында калган маселерди көтөрүп чыга алат. Ал эми жергиликтүү кеңешке барган эркек депутаттар адатта мындай маселелерди унутта калтырат. Мисалы, аял саясатчы майыптардын укугу, эрте никеге туруу, зордук-зомбулук, үй-бүлөлүк чыр-чатактарды жөнгө салуу маселелерин, кыз-келиндердин көйгөйлөрүн чечип, аларга көмөк да көрсөтө алышат. Саясатта аялдар болушу керек. Мен сөзсүз шайлоого катышам жана башка аялдар да талапкерлигин коюшу керек деп эсептейм».

Тренинг беш күнгө созулат.
Тренинг беш күнгө созулат.


Статистикалык маалыматтарга караганда, соңку жылдары чечим чыгаруучу органдарда аялдар азайып, эркектерге артыкчылык берилүүдө.

Гендердик тең салмактуулук Жогорку Кеңеште да сакталбай жатат. «Депутаттардын үчтөн бири аялдар болушу керек» деген талапка карабастан, учурда парламенттин 120 мүчөсүнүн 19у гана аял-саясатчы.

Рахат Калбаева
Рахат Калбаева

«Аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештин болочок депутатынын» Мектебинин катышуучусу, Нарын районунун Учкун айыл өмөтүнүн адиси Рахат Калбаева депутаттыкка талапкерлердин билими, иш тажрыйбасы эске алынышы керек деп эсептейт.

«Жергиликтүү кеңештин депутаттары билимдүү болсо деп ойлойм. Себеби бул убакытка чейинки чакырылыштарда мандат алган депутаттардын билим деңгээли каралган эмес. Мисалы, Кыргызстандын көпчүлүк айыл өкмөттөрү дотацияда турат, аларга өкмөттөн акча бөлүнүп, анын негизинде жергиликтүү маселелер чечилиши керек деп каралган. Бирок, тилекке каршы, айрым депутаттардын сабатсыздыгы, жогорку билиминин жоктугу, ошол эле бюджет боюнча түшүнүгүнүн жоктугу көйгөйгө айланып, каражатты туура багытта колдонуу жагы аксап жатат. Мындан улам айыл өнүкпөйт, айыл өнүкпөсө мамлекет өнүкпөйт, өкмөттүн акчасына иштер толук аткарылбай калып, убакыт өтө берет. Аял-депутаттар көп болушу керек. Алар майда маселелерге көңүл бурат жана ар бир тыйындын туура сарпталышын көзөмөлгө алат. Себеби бардык эле маселелердин түбү майда көйгөйлөрдөн жаралат. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын 30 пайызы аял болсун дегенден кийин коомдо катуу талкуу жаралып, өзгөчө айыл жергесинде «аялдар үйдө отурушу керек, алар бала баксын, аларга саясатта орун жок» деп айтышты. Бирок мен буга такыр кошулбайм, аялдын орду үй деген түшүнүктөн арылышыбыз керек, азыр таптакыр башка заман. Аял билимдүү болсо, лидерлик сапаттары жогору болсо, ал өз баласына мыкты тарбия да бере алат, ал үй-бүлө мүчөлөрүнө үлгү боло алат. Билимдүү аял билимдүү балдарды тарбиялайт».

Окуу маалында аялдар жергиликтүү кеңештердин иши тууралуу кенен маалымат алышууда.
Окуу маалында аялдар жергиликтүү кеңештердин иши тууралуу кенен маалымат алышууда.


Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Нургүл Садыкова жергиликтүү кеңештеги 21 мандаттын төртөө гана аял-депутаттарга таандык деди. Ал аялдар саясатка көбүрөөк тартылса ийгиликтер көп болот деп ишенет:

«Мен акыркы төрт жылдан бери жергиликтүү кеңештин депутаты жана төрайымы болуп иштеп келе жатамын. Башында айылдын көйгөйлөрүн көрүп, алардын чечилбей жатканын байкаганда талапкерлигимди көрсөтөйүн деп чечтим. Элдин көбү колдоп берди, бул мага чоң дем берип, мен да ийгилик жарата аларыма ишенип калдым. Биз айылдагы авариялык абалдагы бала бакча маселесин чечтик, ФАП, мектеп, ички жолдор, жарыктандыруу көйгөйлөрүнө көңүл бурдук. 2021-жылдын эсебинен эми эки айылдын таза суу маселесин чечүү үчүн 10 миллион сом караганы жатабыз. Эми апрелде жергиликтүү кеңешке шайлоо болот, анда аялдар активдешип, талапкерлигин көрсөтөт деп ишенем, алар менен бирге алдыда чоң ийгиликтерди жаратабыз деген максатым бар».

Кыз-келиндерди шайлоого даярдаган тренинг беш күнгө созулат. Окууну Швейцариянын өкмөтү каржылаган "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" Долбоору өткөрүүдө. Аталган долбоорду ишке ашырган Өнүктүрүү саясат институтунун коомдук байланыш боюнча адиси Нургүл Жаманкулованын маалыматы боюнча, аялдарга багыт берип, аларды жергиликтүү саясатта колдоо көрсөтүү иштери сентябрь айына чейин уланат.

«Өткөн жылдын этегинде конкурс жарыялап, анда келген 84 өтүнмөнүн арасынан 50 кыз-келинди тандап алганбыз. Алардын жаш курагы 18ден жогору болушу керек эле, бирок комиссиянын чечими менен 21 жаштан улуу талапкерлерди тандап алдык. Окууга катышып жаткан аялдар өз талапкерлигин коё турган айыл өкмөттө туруктуу жашашы керек, алар коомдо жигердүү болууга тийиш. Беш күндүк окуунун жыйынтыгында алар айылдык аймакты өнүктүрүү боюнча жеке иш планын даярдап, кийин депутат болгондо ошол планды ишке ашырат. Биз окууга жалаң гана айыл аймактардагы аялдарды жана кыздарды тартканбыз. Бирок социалдык тармактарда окууга кызыккандар абдан көп болду. Шаар жергесиндеги жергиликтүү кеңештин депутаты болом деген кыз-келиндер «биз да силерден билим алып, көп нерсеге үйрөнгүбүз келет» деп жатышат. Ысык-Көлдөгү бир кеңештин аял депутаты бизге кайрылып, өз жергесинде кыздар менен иштешип жатканын билдирди. Бирок менин билимим аздык кылат деп, биздин окууларга кызыкты. Азырынча биз шаардыктарды окутуу маселесин карай элекпиз, бирок долбоордун жетекчилиги алардын сунушун эске алып, бул маселени чечет деп ойлойм».

Бүгүн башталган окуунун катышуучуларын БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова куттуктап, өлкөдөгү шайлоо системасы, анын ар кайсы жылдардагы жыйынтыктары, андагы аялдардын катышуусу тууралуу маалыматы менен бөлүштү.


БУУнун сунушу менен Кыргызстандын мыйзамдарына «башкаруу органдарында гендердик тең салмактуулук сакталып, жалаң бир жыныстуу эмес, 30 пайыз аялдар же эркектер иштеши керек» деген норма кирген. Бирок бул талап дээрлик бардык органдарда аткарылбайт.

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева саясатта баланс сакталышы керектигин айтты.

«Көтөрүлүп жаткан суроо бүгүнкү күндүн өтө олуттуу маселеси. Кыргызстанда кайсы гана тармакта болбосун, анын ичинде чечим кабыл алуучу тармактарда, өкүлчүлүктүү органдарда аял-эркектин балансы аябай зарыл.​ Өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы аялдардын ролу коомдо аябагандай зор экенин көрсөттү. Кыргызстандагы абалга келсек, башкаруу жана чечим кабыл алуучу жерлерге аялдардын келишине мыйзамдык тоскоолдуктар бар. Мисалы, мыйзам боюнча мектеп директорлору, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчилери жергиликтүү кеңештерге шайлана албайт. Жергиликтүү көйгөйлөрдү алардан артык ким түшүнөт, алардан артык ким чечүүнүн жолун билет? Ошол мыйзамдан кийин жергиликтүү кеңештерде аялдардын карааны көрүнбөй калды».

Кыргызстандагы шайлоо жана референдум өткөрүү эрежелерин аныктаган мыйзамдар топтомуна ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков 13-августта кол койгон. Аны 27-июнда Жогорку Кеңеш кабыл алган.

Бул мыйзамдар топтомундагы эң башкы өзгөрүү катары «мындан ары жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын 30 пайызы аялдар болсун» деген жобо айтылган.

Ошондон көп өтпөй Ысык-Көл облусунун Саруу аймагынын Алдашев айылдык кеңешине талапкерлер «Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө каршы экенин айтып, бийлик бутактарына кайрылышкан. 70тей талапкердин колу коюлган кат президентке, Жогорку Кеңешке жана Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөн. Анда алар «жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын 30 пайызы аялдар болсун» деген өзгөрүүгө макул эмес экенин билдиришкен.

  • 16x9 Image

    Кундуз Сырдыбаева

    Кундуз Сырдыбаева "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG