Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:10

Аялдарга саясатка жол чабуу татаалдайбы?


Лидер аялдардын курултайы эми Нарын жана Ош облустарында дагы өтөт.

Токмок шаарында Чүй облусундагы лидер аялдар курултайга чогулду. Анда кыз-келиндердин коомдогу, саясаттагы орду жана аймактарды өнүктүрүүгө кошкон салымы өңдүү маселелер көтөрүлдү. Бул иш-чара шайлоо тууралуу мыйзам долбоорго кол коюлса аялдардын саясаттагы саны, салмагы азайып, жол чабуу татаалдайт деген өңдүү чочулоо күчөп турган маалга туш келди.

Жеке ишкер Анара Асадова Чүйдөгү Москва районуна караштуу Садовое айылдык кеңешинин эки чакырылышынын депутаты. Ал шайлоолордо аялдар кабылган тоскоолдуктар тууралуу айтып берди.

"Жергиликтүү кеңештерге аялдарга 30% квота киргенге чейин мен шайланган биринчи чакырылышта 21 депутаттын арасындагы жалгыз айым болчумун. Азыр 30% квота болгондон кийин сегиз аял болдук. Мына, шайланып келгенибизге беш эле ай болду, бирок беш айдын ичинде айымдар көйгөйлүү көп маселелерди көтөрүп, аны чечүү тууралуу сунуштарды айтып жатышат. Азыр аялдарга мындай квота берилгени менен деле ушул чакырылышта мен көп тоскоолдук көрдүм. "Шайлабагыла, өткөрбөгүлө" деп, өздөрү тапкан айымдарды өткөрүп алууга аракет кылышты".


Токмоктогу “Аялдар тилектештиги” аттуу курултайды активист кыз-келиндер парламенттеги Аялдар укугу жана гендердик зомбулуктун алдын алуу кеңеши жана Депутат аялдар форуму менен бирге уюштурган. Эми бул иш-чара Ош менен Нарында да өтүп, сентябрда жыйынтыкталат.

Токмоктогу лидер айымдардын курултайы.
Токмоктогу лидер айымдардын курултайы.

Чүйдөгү райондор аралык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Элиза Исмаилова курултай социалдык-экономикалык жана саясий өзгөрүүлөр, пандемия шартында аялдар кыймылынын коомдогу ордун жана ролун талдоо максатында өткөрүлгөнүн айтып берди. Жыйынтыгында, резолюция кабыл алынып, анда бийликке гендердик теңчиликти, аялдар лидерлигин өнүктүрүүгө шарт түзүү тууралу кайрылуу жазылды.

"Аймактарды өнүктүрүү актуалдуу маселелердин бири. Ушул маселелерди көтөрүп чыгып, ар бир тематика боюнча резолюция кабыл алып, аны жогору жакка жеткирсекпи дегенбиз. Ушундай учурларда коомго лидер айымдар керек",- деди Исмаилова.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге соңку шайлоодо мыйзамга ылайык, кыз-келиндерге 30% квота берилген. Анын негизинде айылдык депутат кыз-келиндердин саныдан тогуз пайыздан 30% чейин көбөйгөн.


Жогорку Кеңеш өткөн айда "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү" мыйзам долбоорун кабыл алган. Курамына 180ден ашык коомдук уюмдар жана эксперттер кирген "Зомбулукка каршы бирге" кыймылы президентке кайрылып, документке кол койбоого чакырган. Анда бул мыйзам күчүнө кирсе, парламентте 16 гана аял мандатка ээ болуп калат деген чочулоо айтылган. Мындай пикирге парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева дагы кошулат.

Аида Касымалиева (ортодо)
Аида Касымалиева (ортодо)

"Бул кийинки парламентте аялдар аз болот дегенди түшүндүрөт. Бул өзүнүн кесепетин берип, кедергисин тийгизет. Азыр бул долбоор президентте кол коюуда жатат. Азыр аны кайра парламентке кайтарып, ошол жерин оңдойлу деген сунуш бергенбиз. Негизинен Кыргызстанда аялдар кыймылы күчтүү, Жогорку Кеңше жакшы иштеп жаткан, алдыга жылып баратканбыз. Айылдык кеңештерде аялдар көбөйө баштаган. Бирок аялдар аткаруу бийлигинде дээрлик жок. Ошол эле коңшу Өзбекстанда, Тажикстанда аял акимдер, мэрлер бар. Биз дагы аткаруу бийлигинде аялдардын санын көбөйтүшүбүз керек. Сөз жүзүндө теңчилик, баарын берип жатабыз деген менен саясатта азыр баары бир эркектер чечет. Ошондуктан саясатка жөн эле келип калган аял болуудан алыс болушубуз керек".

Учурда парламенттеги 120 депутаттын 19ун аялдар түзөт. Партиялык тизмеде аял депутаттардын квотасы сакталбай, депутаттык ордун тапшырып кеткен аялдардын ордуна эркектер келген. Мурдагы вице-премьер-министр, экс-депутат Элвира Сурабалдиева атайын квота каралбаса, саясатта жол чабуу кыйындай турганын белгиледи.

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

"Жакында эле парламентте бирге отурган кесиптештериме жолугуп калсам, алар мага "Элвира, сага окшогон айымдарга бир мандаттуу округдардан квотасыз эле жеңил болот" дешти. Бирок мен ошол жерден айым канчалык кыйын, көз карандысыз болбосун эркектер менен бүгүнкү күндө, бүгүнкү кырдаалда тең таймашка чыкканда баары бир утулуп каларын айттым. Аялдарга квота аргасыз киргизилген. Мен парламенттеги беш жылдык тажрыйбамды карасам социалдык, керектүү маселелерди эң көп көтөргөн, алтургай кээде тартынбаган, айымдар болгон. Кээде эркектер сүйлөй албай калган жерде дагы айымдар чыгып жаткан. Бирок айымдар деле ар кандай болот, башын көтөрбөй, ошол агым менен кете берейин дегендери да бар. Сөздүн ачыгы, аялдарга квотасыз кыйын болот. Бирок ушул кырдаалдан дагы өтүшүбүз керек окшойт. Буга чейин партиялык жетекчилерди күнөөлөшчү. Эми келе жаткан шайлоо кандай өтөт, добуштарды ким сатып алат, кандай сатылат, анын баарына коом, элибиз өзү баа берет".

Буга чейин президент Садыр Жапаров мыйзам аркылуу аялдарга берилген квотаны кубаттай турганын жана жергиликтүү деңгээлде чечим чыгарууда гендердик теңчиликти камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөрүн билдирген. Ал шайлоо тууралуу мыйзам долбооруна кол коеру же койбосу азырынча белгисиз. Мындан улам келерки парламенттик шайлоонун мөөнөтү дагы аныктала элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG