Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

Кочкоров: Кумтөр ишинде тандалма саясат жүрүүдө


Улукбек Кочкоров.
Улукбек Кочкоров.

Парламенттин мурдагы депутаты Улукбек Кочкоров президент Садыр Жапаровго кайрылып, Кумтөр кениндеги кылмыш иши боюнча тандалма саясат жүрбөшү керектигин айтып чыкты. Ал мындай пикирин “Фейсбуктагы” баракчасына жазып, мурдагы президент Аскар Акаев баш болгон өлкө жетекчилери эркиндикте жүргөнүн сынга алды.

"Азаттык" Улукбек Кочкоров менен байланышып, Кумтөр маселеси​, Кыргызстандагы азыркы саясий абал тууралуу маектешти. ​

- 1992-жылы Кумтөр долбоору жаңыдан башталганда, анын башында туңгуч президентибиз Аскар Акаев турган. Ал кишинин жеке көзөмөлүндөгү долбоор эле. “Мен билбей калыптырмын, өкмөт мага туура эмес маалымат берип коюптур” дегени менен бизде баарын президенттер билип, ошолор башында турат эмеспи. Өкмөт болгону кол баласы катары президенттин каалоолорун ишке ашырып келген орган. Парламент да, өкмөт дагы ошондой. Анан эле Аскар Акаев өлкөгө келип, "күнөөлүү эмесмин, өкмөт баарын кылган” дейт. Өкмөтү болсо кылмышка тартуу мөөнөтү өтүп кеткен дешти. Канчалаган өкмөт башчылары, Игорь Чудиновго чейинкилеринин баарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кетти деп кыскартып салышты. Бул иштер туура эмес болуп жатат.

Андан кийинки иштерди карай турган болсок, тергөөдө бирөөнү салып берип, "тергөө менен кызматташты" деп эптеп эле дагы бирөөгө каршы көрсөтмө алып, акча төктүрүп эле кайра бошото бергени туура эмес. Кээ бир кишилер болсо жөн эле олтурат. Адилеттүү иш болбой жатканын айткым келди. Эгер жооп бере турган болсо, баары бирдей жооп бериш керек эле. Эмне иш жасаса дагы акча төлөп коюп чыгып кете берсе, ошол туурабы? Ушундай аракеттер калк арасында бүдөмүк пикирлерди жаратып жатат. Эмне үчүн бул камалат, башкасы эркин жүрөт? Эмне үчүн 15 жылдан бери издеп, алып келалбай жаткан Аскар Акаев оңой эле келди да, резиденцияда президенттин чайын ичип, “жакшы тургула” деп кетип калды.

Кыргызстанды ушундай итке мингендей абалга алып келген саясаттын башында ошол киши турбады беле. Кыргызстанды азыркыдай абалга алып келген саясаттын баштоочусу, ушундай жолго баштап салган адам келди да жөн эле жооп бербей кетип калды. Ушундай абал ар кандай суроолорду жаратып жатат. Ошондуктан тандалма саясат болуп жатат деп айттым.

- Кумтөрдө коррупция бар экени көптөн бери эле айтылып келген. Садыр Жапаров баштаган бийлик Кумтөр ишинде тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө аракет кылууда дегендер бар. Кумтөр маселеси кантип чечилиши керек?

- Мен депутат кезде да пикиримди айтып, билдирүүлөрдү жасап келгем. Кумтөр маселесин чечүүдө башында турган, чечим кабыл алганга укугу бар адамдардын ниети туура эмес болгон. Бир ууч кишилердин кызыкчылыгын жогору коюп, чөнтөгүн толтуруп алуу ниети менен башталганда эле туура эмес болгон. Ошол маалда 175 млн. АКШ долларына бүтчү фабриканы 450 млн. долларга бүтүрүп, акча уурдашканда эле туура эмес аракеттер башталган. Андан кийин кирешени бөлүштүрүү, Кыргызстандын үлүшүнүн кыскарып кетиши, экологияга каршы, кыргыз элине каршы, жаратылышка каршы жасалган иштерге да көз жумуп, шарт түзүп берүү да жөндөн-жөн болгон эмес. Кыймыл-аракеттери үчүн, кабыл алган чечимдери үчүн албетте, чоң кызматтагылар эбегейсиз чоң суммадагы сый акысын алып турган да.

Бул жерде "Кумтөр кылым аферасы" деп айтылганы жөн жайынан эмес. Албетте, бул тергелиши керек. Бирок эмнегедир акыйкаттык болбой жатат. Кээ бирөөлөр чыгып кетүүдө, кээ бири чыкпай жатса, "боткону чалган" кишилер сайрандап эле жүрүшү нааразы кылат да. Мен башынан эле туура эмес болгонун, коррупциялык иштер болгон, Кыргызстандын карамагына өтүшү керек деп айтып келем. Кумтөр Кыргызстандын көзөмөлүнө толук кандуу өтүшү керек. Бул тарыхый адилеттүүлүктү орнотуу болуп жатат деп айта алам. Бирок ошол эле учурда кээ бир кишилер олчойгон эсепсиз акчаны жасап алып, жоопкерчилиги жок сайрандап жүргөнү болбойт. Адилет тергөө болуп, тандалма саясат жүрбөсө.

- Алдыда Жогорку Кеңешке шайлоо күтүлүп жатат. Кумтөр боюнча камоолорду шайлоо алдында оппоненттерди алсыратуу жолу деп сыпаттагандар да бар. Бул шайлоо алдындагы кандайдыр бир оюн болушу мүмкүнбү?

- Жашоо өзү күрөш. Ал эми саясат бул күрөштүн жеткен жери десек да болот. Ошол саясатта жүргөндөр бийликке жетсем, бийликти кармап калсам, бийликти башкаларга алдырып жибербесем деп бар аракетин жумшайт. Бул буга чейин да жасалып келген, азыр да жасалып жатат, кийин да жасала берчү аракет. Биз бул аракетти кандай жаап-жашырбайлы, шылтоолорду айтпайлы, бул турган кеп да. Бирок бир нерсе эсте болуш керек. Саясатчылар да оппоненттерине же болбосо саясаттагы каршылаштарына шылтоого мүмкүнчүлүк бербестен, шанс койбостон ар бири таза иштегенге аракет кылыш керек. Туура эмес иш болуп жатат деп айтпагандай болуш керек. Бирок биз каалайбызбы, каалабайбызбы бул ошол саясий аренадагы атаандаштарын четтетүүгө жасалып жаткан аракет десек болот.

- Кумтөрдөн тышкары, октябрь окуялары боюнча да адамдар камакта отурат. Мисалы, Жеңиш Молдокматов, Равшан Жээнбеков. Президент куугунтукка убакыт коротпойм деди. Бирок кээ бир саясатчылардын камалышын тарапташтары саясий куугунтук катары баалап жатат. Бул окуяларга сиздин пикириңиз кандай?

- Эми президенттин "Фейсбук" аркылуу: “Мен убактымды куугунтукка эмес, өнүгүүгө жана бүткүл кыргыздарды бириктирүүгө, чогултууга жумшашым керек" дегени - Аскар Акаевдин келишинин алдындагы эле атайын билдирүүсү. Бул Акаевге гана арналганы сезилип эле турат. Анткени, башкалар үчүн бул билдирүү иштеген жок. 5-октябрды сөз кыла турган болсок, эмнеге эки адам эле жоопко тартылды? Жеңиш Молдокматов менен эле Курсан Асанов жооп береби? Ал жерге башка саясатчылар барган жокпу? Эгер октябрь окуяларын териштирүү болсо бул жерде да адилеттүү териштириш керек. Ошол эле күнү башкы прокуратураны, УКМКны, мамлекеттик мекемелерди басып алышты, алар министр, чоң-чоң кызматтарда жүрүшөт.

Ал эми акыркы убактагы жүрүп жаткан иштерге туура эмес деген көз карашын билдиргендер жоопко тартылып жатат. Элди алдап койгонго болбойт. Эл баарын калыс таразалап көрүп-билип турат. Канча мекендештерибиз жабыркады, жарадар болду. Үмүтбек инибиз каза тапты, канча деген мамлекеттик мекемелер, жеке ишкерлер зыян тартты. Ушундай болушуна эмне түрткү болду, эмне шарттады? Тилекке каршы, эч нерсе өзгөргөн жок.

Эгер шайлоо мыйзамсыз өткөн болсо, ага ким шарт түздү, ким мыйзамсыз өткөрдү, ошол иликтенбейби. Шайлоо мыйзамсыз өткөн болсо, аны өткөргөн БШК ошо боюнча иштеп жатат. Адилет иликтөө, адилет жыйынтык болбой жатпайбы. Башкалар эч нерсе болбой эле анан 5-октябрда башаламандыкты, басып алууларды баарын эки эле киши жасап жоопкерчиликке тартылып жатабы? Ушундайлар “бийлик шайлоо алдында атаандаштарын алсыратууга аракет жасап жатат, тандалма кармоо болуп жатат" деген ойго түртөт.

- Саясий көз карашына, өз пикирин айтканы үчүн камоолор болуп жатат дедиңиз. Абалды өзгөртүүгө кандай аракеттер болушу керек?

- Кандайдыр бир чоң өзгөрүүлөр болсо абал жакшы жагына жылышы мүмкүн. Тилекке каршы, биз андай өзгөрүүнү байкай албай жатабыз. Мына, сегиз ай болду. Элге үмүт бере турган, жакшы өзгөрүүлөр башталды деп айта турган кадамдар, өзгөрүүлөр жок болуп жатат да. Албетте, бийликке келген бир ууч кишилердин жашоосунда жакшы өзгөрүүлөр бардыр. Бирок жалпы элге жете турган өзгөрүүлөр жок. Баалардын, тамак-аш, күйүүчү майлар кымбаттады. Айлык маяналар баякыдай эле турат. Мамлекет тарабынан элге кызмат көрсөтүүлөр жакшырып, жеңилдеп кеткен жок. Коррупция такыр жоюлуп кеткени байкалган жок.

Буга кошумча саясий куугунтуктар, камоолор улана берсе, арты жакшылыкка алып келбейт. Кандайдыр бир сын айтылса, ошого көңүл буруу зарыл. Эмнеге ушундай болду, эмне шарттады ушуну деп, изилдеп ошол кемчиликти жоюнун үстүнөн иштөө керек. Анан туура эмес ишти сындагандын баарын эле камай берген болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG