Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Келдибеков: Саясий куугунтук болбош үчүн үй камагына чыгарып тергесин


Акматбек Келдибеков.
Акматбек Келдибеков.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков саясий куугунтук болбош үчүн кылмыш иши козголгон саясатчыларды үй камагына чыгарып тергөө керек деп эсептейт. Келдибеков аткаминердин күнөөсү сот тарабынан далилденген учурда гана камалышын туура көрөт. Ал мындай пикирин “Азаттыктагы” талкууда билдирди.

“Темир Сариевдин тарапташтарынын митингде үй камагына чыгаргыла деген талабы менин дагы башымдан өткөн. Үй камагына чыгарып коюп тергесе болот. Анын күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот аныктайт. Ошол менин убагымда дагы далай митингдер өткөн. Бирок ошол мезгилде саясатчыларга кол чаап, “биздин башыбызга түшпөйт, биз муну көрбөйбүз” деп адилетсиздик кылган адат бүгүн кайталанып жатат. Ар бир адамга коюлган күнөө боюнча соттон адилеттүү мойнуна коюлганда кыргыз эли адилеттүү чечимди кабыл алабыз. Адилетсиз чечим менен өмүр бою күрөшөбүз”, - деди Келдибеков.

26-августта мурдагы премьер-министр Темир Сариев камакта калды. Жактоочулары аны үй камагына чыгарууну талап кылып, эки күн сот алдына чыгышты. “Кумтөр иши” боюнча камакта жаткан парламент депутаты Төрөбай Зулпукаровду да сот үй камагына чыгаруудан баш тартты. Ушул эле иш боюнча камакка алынган мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекетке 50 млн. сом төлөп берип, үй камагына чыкканы белгилүү болду. Буга чейинки Кой-Таш жана кийинки октябрь окуяларга байланыштуу камалган саясатчы, жарандык активисттердин тарапташтары саясий куугунтук болуп жатканын айтып чыгышкан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG