Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Жасалма ПЧР тест жөнүндөгү журналисттик иликтөөнүн негизинде иш козголуп, эки адам кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирустан таза экени жөнүндө ПЧР тесттин жасалма тастыктамасын сатууга шектелген эки адам кармалды. Бул тууралуу 27-августта Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, экөө тең 25 жаштагы жергиликтүү тургундар экени аныкталды. Алар Ысык-Ата райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин 359-беренесинин (Документ жасалмалоо) негизинде жүрүп жатканы белгилүү болду.

“Али Токтакунов МедиаХабы” журналист Мээрим Сырдыбаева менен биргеликте жүргүзгөн “Өлүм-өмүрдөн акча жасаган шылуундар” деген журналисттик иликтөө 23-августта жарыяланган. Анда ПЧР тесттин тастыктамасын жасалмалап саткан бир нече факт келтирилген. Алардын бири кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрмө бекетинде аныкталып, бекетти “Бека малыш” каймана аттуу жигит тейлери, каалоочулар тастыктаманы 1700-3000 сомго эч тоскоолдуксуз сатып алса болору көрсөтүлгөн жана ири лабораториялардын аты аталган.

Лаборатория өкүлдөрү жасалма анализдерге тиешеси жоктугун, алардын атын саткан шылуундар ошондой менен алектенип жатканын билдиришкен.

Журналисттик иликтөөдө көтөрүлгөн маселе 25-августта өкмөттө талкууланган. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова чукул жыйын куруп, тийиштүү жетекчилерге журналисттик иликтөөдө айтылгандарды териштирүү тапшырмасын берген.

Оорусу жоктугун тастыктаган кагазды өлкөнүн чек арасынан чыгып жатканда коңшу өлкөлөрдүн тийиштүү кызматтары талап кылышат.

Адистер мындай маселе чыкпашы үчүн бирдиктүү электрондук система ачып, ага ар бир адам каалаган компьютерден же телефондон кирип, тигил же бул тастыктаманын аныктыгын текшерсе боло тургандай шарт түзүү керектигин айтып жатышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG