Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

"Головнойдо" 25тен ашык кишинин миномет менен өлтүрүлүшү иликтенүүдө


Баткен.
Баткен.

Чек арадагы куралдуу кагылыштан окко учкан Лейлек районундагы 12 жаштагы кыздын өлүмү, Баткен районунун Ак-Сай айылындагы "Головной" тилкесинде минометтен атылган октон 25тен ашык кишинин массалык түрдө өлтүрүлүшү (саны дагы такталууда) иликтенүүдө.

Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев билдирди.

“Тажик тараптын согуштук курал колдонгону боюнча далилдер топтолуп жатат”, - деди Аширходжаев.

Маалыматка ылайык, милиция кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу жалпы 11 кылмыш ишин козгоду.

Алар Жазык кодексинин 264-беренеси ("Массалык башаламандык"), 380-беренеси ("Тынчтыкка каршы кылмыш"), 210-беренеси ("Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же талкалоо"), 266-беренеси ("Ээнбаштык"), 358-беренеси ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү"), 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен териштирилип жатат.

Мамлекеттик чек ара кызматы 2-май саат 13:00гө карата кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу экенин маалымдады.

Ушул тапта Кыргызстан менен Тажикстандын коргонуу ведомстволорунун биргелешкен комиссиясы Баткен районунун Ак-Сай айылында ишин улантууда.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде башталып, 29-30-апрелде уланган. Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арада атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү.

Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда 34 адам каза тапты. Жараат алгандардын саны 178 кишиге жетти.

Ал эми тажик тараптан 15 киши каза болуп, 90 жараны жараат алганын "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып жазды. Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек.

Кыргызстанда 1-2-май чек арада каза тапкандарга аза күтүү күнү деп жарыяланган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG