Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Православ христиандары пандемия шартында Пасханы белгилешүүдө


Москвадагы Христос куткаруучу кафедралдык собору
Москвадагы Христос куткаруучу кафедралдык собору

Дүйнөдөгү православ христиандары пандемия шартында экинчи жолу Пасха майрамын белгилеп жатышат. Орус Православ чиркөөсүнүн патриархы Кирилл 2- майда майрамдык кайрылуусунда дүйнөдө коронавирус пандемиясы эртерээк бүтөт деген үмүтүн билдирди. Москвадагы башкы чиркөө-Христос куткаруучу кафедралдык соборунда келгендердин көпчүлүгү беткапчан жүрдү. Алардын арасында орус президенти Владимир Путин да болду. Путин сөзүндө православ чиркөөсүн “социалдык көйгөйлөрдү” чечүүгө салымы жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргогону үчүн ыраазылык билдирди.

Иса пайгамбар 2 миң жыл илгери крестке асылган деп айтылган Иерусалимдеги Ыйык Сагана чиркөөсүндө жана Каирдеги христиан копттордун чиркөөсүндө да майрам белгиленди.

Эки жакта тең майрамга пандемиядан улам чектелген сандагы адам катышты. Копт чиркөөсүнүн башчысы Папа Тавадрос өз кайрылуусунда дүйнөнү дүрбөлөңгө салган пандемия аяктасын деп сыйынып жатканын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG