Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:57

"Озоди" тажикстандык студенттер Кыргызстанга киргизилбей жатканын жазды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алган 100дөн ашуун тажик студенттерине Бишкекке келүүгө уруксат берилбей жатканын "Азаттыктын" тажик кызматы жазды.

Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлигиндеги булак алар Тышкы иштер министрлиги аркылуу Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен байланышканын, бирок жооп ала электигин билдирди.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кийинчерээк комментарий болорун айтты.

Ал эми Тышкы иштер министрлиги бул маселеге кийлигишүүгө ыйгарым укугу жоктугун мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Мурдараак Кыргызстанда тажикстандык студенттер куугунтукка кабылганы тууралуу маалымат чыгып, Бишкек муну четке каккан.

Буга чейин Тажикстандын Билим берүү министрлиги бул студенттерге жергиликтүү окуу жайлардан башка кесиптик багыттарда орундарды сунуштаган. Бирок студенттер ага макул болушкан эмес.

Алардын көбү муну башка адистикти каалабастыгы "Бишкектеги окуу деңгээлине туура келбеген" окуу жайлар сунушталгандыгы менен түшүндүрүшкөн.

Кыргызстандагы расмий маалыматка ылайык, өлкөдө 2020-2021-окуу жылында 1932 тажикстандык студент билим алды.

Быйыл жаздагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан соң Кыргызстан Тажикстан менен чек араны бир тараптуу жапкан. 28-апрелден 1-майга чейин уланган калабада Кыргызстанда 36 адам көз жумган. Тажик тарап 19 киши каза тапканын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG