Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Экс-депутат жана мэр шектелген кылмыш


Руслун Чойбеков жана Самарбек Болотбеков.
Руслун Чойбеков жана Самарбек Болотбеков.

Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков жана экс-депутат Руслан Чойбеков былтыркы парламенттик шайлоодо ири суммадагы акча алган деген шек менен кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков Жазык кодексинин 204-беренеси ("Ири өлчөмдөгү алдамчылык") менен шектүү катары кармалып, атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин кабарлады.

“18-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жана алынган далилдердин натыйжасында Бишкек шаарынын Свердлов районунун мурдагы акими, учурда Нарын шаарынын мэри алдамчылыкка катыштыгы бар деп шектелип кармалды”, - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

УКМК Болотбеков мурдагы депутат Руслан Чойбеков шектелип жаткан иштин алкагында кармалганын билдирди. “Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөсү, экс-депутат Чойбеков 16-сентябрда былтыркы парламенттик шайлоодо 300 миң доллар алган деген арыздын негизинде кармалып, камакка алынган. 18-сентябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен мурдагы парламент депутаты тергөө аяктаганча камакта болот.

“Кыргызстан” партиясынын талапкерлери эмне дейт?

Азырынча УКМК шектүүлөргө каршы ким арыз жазганын жана иштин чоо-жайын толук кабарлай элек. Болотбеков жана Чойбековдун жакындары же жактоочулары билдирүү тараткан жок. “Кыргызстан” партиясынын жооптуу адамдары менен дагы байланышууга мүмкүнчүлүк болбоду.

Жыйынтыгы жокко чыгарылган 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодо “Кыргызстан” партиясынын тизмесинен барган айрым саясатчылар тизме боюнча камоолор жөнүндө эч нерсе билбей турганын айтып жатышат. Аталган партиянын тизмесинде 27-болуп турган Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов буларды айтты.

Тазабек Икрамов. Архив.
Тазабек Икрамов. Архив.

“Мен өз аймагыма бөлүнүп, үгүттү ошол жакта жүргүзгөм. Бишкекте эмне болду билбейм. Орундар жылып, соттошуп, "илинет-илинбей калат" деген иштер болгонун билесиздер. Мен тизмеде 27- болгом. Балким алдыңкы 10го чейинкилердин өздөрүнүн иштери бар болгондур”, - деди Икрамов.

Тизмеде 19-болуп турган Аргынбек Малабев, 31-болуп барган Дайыр Кенекеев "алдыңкы тизме акчага сатылганы жөнүндө маалыматым жок" деп жооп беришти.

Ал эми тизмеде 67-болуп шайлоого катышкан Мирлан Орозбаев “Улуу Журт” партиясынын өкүлү катары аталган партия менен чыкканын белгилеп, “менден мандат үчүн акча талап кылган” эмес деди. Бирок, Орозбаев октябрдагы парламенттик шайлоодо бир гана “Кыргызстан” партиясы эмес, бардык саясий партиялардын алдыңкы орундары сатылган деп эсептейт.

Мирлан Орозбаев.
Мирлан Орозбаев.

“Өзүңөр билгендей ошол маалда шайлоо акчанын күчү менен гана болгон. Көрнөк-жарнак сыяктуу миллиондоп үгүткө кеткен акчалар ошондой жол менен алынган. Бул кармалып калганы, кармалбай жүргөнү канча. Биринчи ондук же жыйырманын ичи деген 300 миң доллардан башталат. Ошол эле Талант Мамытов “Кыргызстан” саясий партиясында 2-орунда жүргөн. Кармалгандар гана ууру болуп калды. Ал эми ошол кезде баары эле “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” партиясынын катарында жүргөн”, - деди Орозбаев.

Чойбеков “Кыргызстан” партиясында таасирдүү адамдардын бири болгонун, бирок Болотбековдун бул партияга тиешеси жөнүндө маалыматы жок экенин кошумчалады Орозбаев .

Бир жума мурун Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Акылбек Эшимов ушундай берене менен кармалган. Атайын кызмат “Эшимов “Кыргызстан” партиясынын лидерлеринин бири менен чогуу талапкерге алдыңкы тизме убада кылып, 550 миң доллар акча каражатын алган” деген арыздын негизинде кармалганын билдирген.

Жарандык активист Нурсултан Акылбек маселенин мындай өңүтүнө токтолду.

“Бул жерде кылмышпы же кылмыш эмеспи деген суроо бар. Берген адам дагы өзү макул болуп жатпайбы. Саясий коррупция менен күрөшөбүз десе, берген тарапты дагы кармашы керек. Экинчи жагы бир эле “Кыргызстан” партиясы эмес бардык партияларды кармашы керек болчу. Балким, бул партиянын кожоюндарына, лидерлерине кылмыш козгоого жол ачуу үчүн үч кишини кармашы мүмкүн деген дагы версия бар”, - деди Нурсултан Акылбек.

Чойбеков жана Болотбеков деген ким?

Кесиби боюнча юрист, 42 жаштагы Руслан Чойбеков белгилүү олигарх Абдыкерим Шаршенбековдун партиясы делген “Кыргызстанды” түптөөгө катышкандардын бири катары белгилүү. Чойбеков Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты болуп 2018-жылдын апрель айында, Казакстанда соттолуп мандатынан ажыраган Дамирбек Асылбек уулунун ордуна келген. 2020-жылы июнь айында мандатын тапшырып шайлоого аттанган.

37 жаштагы Самарбек Болотбеков 2016-жылга чейин Бишкек мэриясынын ар кыл тармактарында жетекчилик кызматтарда иштеген. 2016-2019-жылдары Бишкектин Свердлов районунун акими болгон. 2021-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган 11-апрелдеги Бишкек шаардык кеңешиндеги шайлоого "Республика" партиясынан төртүнчү болуп жарышка катышкан. 2021-жылдын июнь айынан бери Нарын шаарынын мэри болуп эмгектенип жаткан. Учурда Нарын шаарынын айрым активист жаштары Болотбековду жаш, жакшы иштеген кадр катары сыпаттаган пикирлерин социалдык тармактарда жазып жатышат.

Элдик толкундоолордон кийин жыйынтыгы жокко чыгарылган 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоого “Кыргызстан” партиясы 102 кишинин тизмесин берген. Ал тизмедеги алдыңкы жыйырма орунда мурунку жана азыркы бир топ депутат болгон.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG