Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:45

Депутат Руслан Чойбеков тергөө аяктаганча камакта болот


Руслан Чойбеков парламентте депутат катары ант берүүдө. Бишкек. 2018-жыл.
Руслан Чойбеков парламентте депутат катары ант берүүдө. Бишкек. 2018-жыл.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шек саналып кармалган Руслан Чойбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалды.

Мындай чечимди бүгүн, 18-сентябрда Биринчи май райондук соту чыгарды. Ага ылайык, экс-депутат тергөө аяктаганча камакта болот. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөсү 2020-жылдагы парламенттик шайлоо учурундагы алдамчылык үчүн шектүү катары 16-сентябрда кармалган.

УКМК билдиргендей, экс-депутат шайлоо учурунда депутаттык мандат үчүн 300 миң доллар өлчөмүндө акча алган. Ага каршы арызды акча бергенин айткан адам жазган. Бул иштин алкагында 18-сентябрда Нарын шаарынын мэри С. Б. да кармалганы кабарланды.

Чойбековдун жактоочулары азырынча комментарий бере элек.

2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Ага катышкан "Кыргызстан" партиясына Жогорку Кеңештеги 120 мандаттын 16сы тийген. Кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG