Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:36

УКМК Нарындын мэри алдамчылыкка шек саналып кармалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы Нарын шаарынын мэри С.Б. алдамчылыкка шек саналып кармалганын 18-сентябрда кабарлады.

УКМК берген маалыматтагы бул инициал Нарын шаарынын азыркы мэри Самарбек Болотбековдун аты-жөнүнүн башкы тамгаларына туура келет.

Ал мурдагы депутат Руслан Чойбековдун ишинин алкагында кармалган. Чойбеков бир нече күн мурун депутаттык мандат үчүн 300 миң доллар алган деген арыздын негизинде кармалып, камакка алынган.

Атайын кызматтын маалымдашынча Нарындын мэри бул иште чогуу катышкан. Ал Кылмыш кодексинин 204-беренеси ("Ири өлчөмдөгү алдамчылык")менен шектүү катары кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөсү Руслан Чойбеков 16-сентябрда былтыркы парламенттик шайлоо учурундагы алдамчылык үчүн шектүү катары кармалып, атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG