Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 16:17

Урушчаак түгөйлөрдүн таарынычы


Иллюстрациялык сүрөт.

Күндөлүк турмушта үй-бүлөлүк чыр-чатактар болуп турчу көрүнүш. Бирок кысталыш чакта урушчаак түгөйлөр бирин-бири аяп, жашоонун барк-баасы көтөрүлөт. Мар Байжиевдин “Жаңылуу” аңгемесинде мына ушул жагдай көркөм иликтөөгө алынган.

Диагноз

Башында баарысы жакшы башталган. Экөө кыйла сүйлөшүп жүрүп, бири-бирисиз жашабай калышканда үйлөнүшкөн. Анан турмуш башталды. Анысы өзү менен кошо уруш-талаштарды алып келет экен. Эмнеден, эмнеликтен чатак башталганы экөөнүн тең оюнда жок. Аялына күйөөсүнүн кээде жоголуп кеткени жакчу эмес. Достору менен ичип, кыйлага талаалап кетмейи бар. Аялы экөөнүн кезектеги урушунан кийин Асылбек достору менен “жоголуп” кетип үйүнө келген. Анан жумушунан келсе Жумагүлдү ооруканага алып кетишиптир. Ошондон бери “ичкени ирим, жегени желим болуп, өңү кубарып, өзү делдейип, жүдөп кетти”.

Достору менен жумуштан кийин бара калчу бильярды да калды. Сасык тумоо болуш керек деп алгач маани бербесе, дарылоочу догдуру менен сүйлөшкөндөн кийин эмне айтарын билбей шалдайып отуруп калды.


“Алманбетов кабинетинин эшигин жапты да, бир топко дейре унчукпай отурду.
– Балдарыңыз барбы?
– Үч балабыз бар... Улуусу 7де окуйт, кызыбыз үчүнчү... Кенжеси 8 айлык, – деди Асылбек.
– Жаш экен балдарыңар, – Алмамбетов чекесин ушалап үшкүрдү. – Аялыңыздын оорусу катуу.
– Катуу болгондо?
– Ак кан... – Бул сөздү укканда, Асылбектин көзү ымыр-чымыр боло түштү. Бул дарттан айыккан адам азырынча жок болсо керек! Каны бузулуп, денеге кислород жеткирип туруучу кызыл клеткалар барган сайын азайып, адамдын шайманы бошойт, анан... анан... о-оой! Калганы белгилүү эмеспи! Ырас, оорулууга жаңы кан куюп турууга болот. Бирок аның деле убактылуу...
– Балким... андай эместир? Балким сакайып кетер!
– Биз жүрөгү согуп турган адамдан эч качан үмүт үзбөйбүз... Балким айыгып да кетер. Кайрат кылып бардыгына даяр болуңуз. Бул дарт дүйнөлүк медицинада чечиле элек түйүн...”.

Медицина өнүгүп, илимий-техникалык жетишкендик адамды айга жеткирип атканда мына ушул дартты айыктыра албайт экен. Кан куюп турууга болот, бирок ал канчага жетет? Балдары жаш, өзү болсо заматтын ортосунда бечара боло түштү. Өң-алаттан кеткен Асылбекке жаш догдур аялына кирүүгө уруксат берди. Профессор Алтынбаев бейтапты көрө элек экен, ал Москвага кетиптир. Жаш догдур анын шакирти тура. Профессор көрдүбү деп бекер сураптыр, ишенбей жатабы деп жаш догдур капа болуп калды окшойт.


Палатага кирип аялынын чекесин сылады. Колу муздак болчу. Жумагүл өзүн күчтөп жылмайып, башы ооруп жатканын, денеси муздакты сүйүп турганын айтты. Келинчегин жооткотуш үчүн сегиз айлык наристесин караганы чоң энеси келерин, балдардан камтама болбошун айтып кобурашып калышты. Жумагүл “ыракмат, Асылбек” десе зорго турган неме ыйлап ие жаздады. Кызык болот экен. Сүйлөнө турган сөзүн салмактап, көңүлүн оорутуп аламбы деп коркуп турду.

Экөөнүн талаш-тартышы кийинки кездери күчөй баштаган. Мындай карасаң болбогон эле нерселер. Бирок ошолоруң деле бир кезде бирин-бири аябай сүйгөн, аз убакыт көрүшпөй калса элеп-желеп болчу эки жүрөктү суутуп коёт экен.

Мына азыр Асылбек ошолорду ойлоп, өзүн күнөөлүү сезип отурат. Чын да, “баланы сен ал, мен ал, электрдин акчасын сен төлө, мен төлө, кызматтан кечигип келдиң, эрте келдиң, айлыктын 5 сому кана?”.

Бири баштайт, экинчиси улантат. Ата-энесинин чатакташуусунан жүрөкзаада болгон балдары үрпөйүп туруп калышат. Асылбек бир кезде кучагына ыктаган жары болбогон бир беш сом үчүн өлүгүн да, тиригин да көргүсү келип калганына таң, жини келет. Шапалак жеген аялынын жүйөсү деле орундуудай. Анча-мынча урушун көтөрүп койсо не болот?

Жумагүлдүн күчү жок болгону менен кээде тили ачуу. Ачуусун карманыш үчүн Асылбек плащын алып сыртка чыгып баратканда да артынан суук тилин агызып калат. “Балдардан айлан, келбе! Деле көзүмө көрүнбө. Сендей эрдин барынан жогу!” дагы башка да бир укмуш суук сөздөр.


Анын баары бир үйдө жашаган эки адамдын көңүлүн муздатып, аз-аздан алыстата берген. Асылбек жөн эле кетпей денеси оорлошуп калган аялын “былчыйган долу” дейт. Анан көрүп ал, “семирип кетип атасың деп да кордойбу”, Жумагүл диванга боюн таштап күчүн ыйдан чыгарат.

Башкалардай оозун боёп, көйнөктүн астынан тар чыптама кийип албаса үчтү төрөгөн аялдыкы ушу да. Кечке тамак бышырып, үй жыйнап үстү-башын караганга да чолосу жок. Бүтпөгөн тирлик. Жумагүл сүйлөнүп, ыйлап, акырында үйдүн тиричилигине алаксып кетет. Таарынышкандан кийин кыйлага сүйлөшпөй дугдуюп жүрүшөт да анан бир күнү эч нерсе болбогонсуп келер-кетти сөздөрдү сүйлөшүп калышат. Анан бир күнү жумуштан келсе апасын ооруканага алып кеткенин айтып балдары үрпөйүп отурушуптур.

“Кийинки окуя жанакыдай...”

Солуктап ыйлаган аялын аяп “Жумакайым” деп чекесинен сылап, алаканы менен жашын сүрттү. Догдур менен сүйлөшкөнүн, айыгып кетерин айтып жооткотту. Күйөөсүнөн көптөн бери жылуу мамиле көрбөгөнгөбү же “Жумакайым” дегенге жибип кеттиби, аялы Асылбектин колун албырган бетине басып, жылуу-жумшак эриндерине тийгизди. Эстеп көрсө мындан 17 жыл мурун, жаңыдан сүйлөшүп жүргөндө аны ушинтип Жумакай дечү экен.

Кийин ал ат унутулуп, экөө тең кантип чучугуна тиер ачуу сөз айтсам экен деп, бири-бирине заар төгүп калышпады беле. Жаңыдан таанышып, бир дептерден ыр, эскерме жазып жүргөндө, кийин ушундай мамилеге жетебиз деп ойлогон эместир. Ал кезде кээде сүйлөбөй унчукпай жанаша басып жүрө беришчү. Экөөнү алдыда бир укмуш керемет жашоо күтүп, ага эртелеп жетели деп ашыгып үйлөнүшкөнүчү. Кызды үйүнө жеткирип кайтарында колун үзө алышпай, Асылбек ушул куурал качан бүтөт, качан чогуу болор экенбиз деп, аны уккан кыздын денеси жибип, кантип жигитине жабыша калганын билбей калчу.

Токтолбогон уруш-жаңжалдан тажашып экөө өткөн жылы ажырашмак болушкан. Иш бир жаңсыл чечилерде Асылбекти алыс жакка узак командировкага жөнөтүп ийишти. Күйөөсүнүн кеткенине сүйүнгөн аял эки жумадан кийин сагына баштаса болобу. Ал келер күнү балдарын жуундуруп, өзү да тазаланып катуу күттү. Бирок ал күнү Асылбек келе турган вокзалга барып тосуп чыкпады. Карабайсыңбы, эми минтип Жумагүлдүн өмүр сааты аягына чыгарын уккандан бери бир кездеги мээримин төгүп, колун сылап отурат.


Өлүм ушинтип байкабай келип алат тура. Аны ойлогон экөө бирин-бири аяп, кетирген кемчиликтерин ойлоп, айыптуу сезип, агынан жарыла албай турушат. Байкуш Жумакайы кичинекей наристесин таштап, муздак жердин койнуна кирет ээ! Үч баласы менен калган Асылбек кантет? Колдо бар алтындын баркы жок. Канча убакты-саатын уруш-талаш, жаңжал менен өткөрүштү. Мына эми бири кетерин, экинчиси каларын ойлоп, жаштыктагы ууз сүйүүсүн ыбырсыган тиричиликтин чаңына бастырып, кеч калганда арылбаган арманын кимге айтарын билбей ой басып отурушат.

Өткөн жылы ажырашмай болушканда Асылбек бир айга командировкага кетип, ыгы келсе ошол барган жеринде калып калууну ойлогон. Турмуштан жаңылган экөө эле болуптурбу? Бирок анда бир жумадан кийин балдарын сагынып, эки жумадан кийин аялын көргүсү келип, үйүн эңсеп туруп албадыбы. Сагынычтан элеп-желеп болуп шаарга келгенде вокзалдан Жумагүл тосуп чыктыбы деп ойлогон. Чыкпаптыр, үйгө келсе аялы башка бөлмөгө кирип кетти. Балдарын көргөнгө кубанган Асылбек да өчөшүп аялы менен учурашпады. Аз өтпөй уруш-талаштар башталды. Мына эми уруш-талаштан тажаган экөөнү табият ажыраштырганы туру. Баары кеч болуп калды.

“Эки адам далайга дейре унчукпай бирин-бири карап отурушту. Чакан бөлмөгө акырындап-акырындап күүгүм кирип, аппак шейшеп-пардалар бозоро баштады. Сыртта жаан шатыратып жаап, терезеден шорголоп, бактардан бирин-серин сары жалбырак канаты сынган калдыркандай аксак калкып жерге түшө берди.
– Кеч болуп кетти, – деди аял.
– Эмне дейсиң? – деп Асылбек оюнан ойгонду.
– Балдар жалгызсырайт,– Жумагүл кечирим сурагандай жылмайды.
– А-а... дагы бир аз олтурайын, – Асылбек электр шамын жандырды.
– Жаан катуубу?
– Ооба...
Күз түшпөдүбү?.. Жаан темир чатырды дыңгыратып, терезенин алдындагы бактарды шуудуратат. Өтө алыс жерде реактивдүү самолёт уңулдагансыйт.
– Жумакай... – Асылбек унчукпай калды... Ким билет, балким: «Мен сени сүйөм, абдан сүйөм, мурдагыдан, кыз кезиңден күчтүү сүйөм. Кылык-жоругуңду, мүнөзүңдү, кебетеңди, денеңди, үнүңдү, бүткүл өзүңдү жанымдан артык сүйөм», – деп айткысы келгендир, бирок анын ордуна:
– Эртең эмне алып келейин? Эмне жейсиң? – деди”.


Дагы деле ичте буулуккан сыры ачылбады. Жумагүл эзиле түшүп, бирок кир-кокту “тетя Нюрага жуудуртуп кой” деди Асылбекке. Шылкыя басып бараткан бечарасынын артынан карап турду. Ал түнү экөө эки жерде жаштыгын эстеп уктабай жатышты. Андайы көп экен, адеп таанышканы, биринчи өбүшкөнү, баштарынан өткөн кызык окуялар көңүлүн жибитип, алеп-желеп кылып жатты. Эртеси таң атпай Асылбек оорукананын алдында турду. Эшик тоскуч киргизбей терезе тушуна келсе, Жумагүл аны күткөнсүп айнекти ойлуу карап турат. Жаш кезиндеги ысык сезимдери келип, биринен-бири айрыла албай турганычы. Экөө тең айрылуу жакындыгын сезишип, анысын айтышпай, бирин-бири аяп турушту.

Ал арада Москвага кеткен профессор Алтынбаев келип Жумагүлдүн дарты ак кан эместигин, каны аздыгын аныктап, бул дарттын дабасы күчтүү тамак, жүзүм ширеси экенин айтып, ооруканадан чыгармай болду. Анысын Асылбек кайдан уксун, жумушунан чыгып келинчеги жаткан палатага келсе ордунда башка бирөө жатат. “Дагы бир аз жашайт дебеди беле догдур! Оо, шордуум! Шордуу балдарым! Мындайын билгенде, күндүр-түндүр жанынан кетпей турбайт белем!” Баары кеч болуп калган экен. Асылбектин көз алдында дүйнөсү көчүп, кандай арга кыларын таппай алдастап оорукананы кыдырып чуркап жүрсө “ары жактан кийим-кечесин жоолукка түйүп” аялы келатат. Издеп жүрүп табышкан эки жаш кучакташып калышты. Жаш догдурдун жаңылыштыгы экөөнү катуу убайга салды. Ал деле унутулат экен.

Арадан канча өткөнүн ким билсин бир күнү коңшулар коридордо аял менен эркектин чатакташып жатканын угушту. Жумагүл күйөөсүн экинчи келгис кылып урушуп, балдардан айланып кетишин, кайрылып үйгө келбешин айтып, ачуусу күчөп калыптыр. Кыйла убакыт көнүмүш урушун укпаган тигиниси плащынын жакасын көтөрүп күздүн жамгырлуу кечинде тротуарда жалгыз баратты. Суук тилин агытып алгандан кийин диванга күп кулап түшүп ыйлап алчу долу аялы кантти экен дегендей терезеге барып шыбырап жаап жаткан ак жаанды, белгисиз бир жакка бараткан күйөөсүн кусалуу карап турду. Шаарга күз келди. Көнүмүш турмуш дөңгөлөгү айланып баратты, кимиси жаңылды, же экөө теңби?!

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG