Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Ош мамлекеттик педагогикалык университетине Бекмурза Зулуев кайрадан ректор болуп шайланды  


Бекмурза Зулуев.
Бекмурза Зулуев.

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде (Ош МПУ) 16-сентябрь күнү шайлоо өтүп, мурдагы ректор Бекмурза Зулуев кайрадан шайланды. Окуу жайга жетекчи болууга үч талапкер ат салышкан.

Ош МПУнун ректорун тандоого 266 шайлоочу катышты. Алардын 263ү Бекмурза Зулуевге добуш берген.

49 жаштагы Бекмурза Зулуев 2011-жылы ректор болуп дайындалып, 2016-жылы шайланып келген.

Ош МПУ — Ош шаарындагы эң чоң үч окуу жайдын бири. Анда 14 миңге чукул студент окуйт. 400гө жакын кызматкер алты факультет, бир коллежде эмгектенет. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG