Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:44

АКШда Pfizer-BioNTech вакцинасы менен улгайган адамдарды эмдөөгө уруксат берилди


Pfizer-BioNTech жана Moderna вакциналары. 19-март, 2021-жыл.
Pfizer-BioNTech жана Moderna вакциналары. 19-март, 2021-жыл.

АКШнын азык-түлүк жана дары-дармек коопсуздугуна көзөмөл кылуучу башкармалыгы (FDA) Pfizer-BioNTech вакцинасы менен улгайган адамдарды эмдөөгө уруксат берди. Бирок жалпы колдонууну чектөө сунушталды. Сунуш милдеттүү болбогону менен, президент Байдендин бардык америкалыктарды кошумча үчүнчү доза менен эмдөө тууралуу планына кедергисин тийгизиши ыктымалдыгы айтылууда.

FDA расмий чечимин кийинки жумада кабыл алышы күтүлүүдө.

Эксперттер кошумча вакцина жетишсиз деңгээлде иликтенбегенин себеп кылышууда. Мындан тышкары үчүнчү дозанын терс таасири болушу ыктымалдыгы да белгиленген.

Эксперттер Pfizer-BioNTech менен 65 жаштан жогору курактагы адамдарды же COVID-19 вирусунун оор түрүнөн айыккан адамдарды эмдөөгө уруксат беришкен. Алардын эсебинде үчүнчү доза менен экинчисинин аралыгы алты айдан кем болбоого тийиш.

2019-жылы, декабрда Кытайдын Ухань шаарында катталган COVID-19 вирусу кыска аралыкта дүйнөнү каптап, 228 млн. 412 миң 552 адамга жукту. Оорудан 4 млн. 692 миң 811 киши көз жумду.

Бул аралыкта дүйнөлүк окумуштуулар коронавируска каршы вакцинанын бир нече түрүн ойлоп чыгышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG