Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:38

Казак депутаттары Тажикстанга курал берүүнү талкуулайт


Тажик куралдуу күчтөрү. Иллюстрациялык сүрөт.
Тажик куралдуу күчтөрү. Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстанга акысыз курал-жарак берүү тууралуу мыйзам долбоору Казакстандын парламентинин төмөнкү палатасы – мажилистин кароосуна коюлду. Расмий Нур-Султан мыйзам долбоору боюнча жыйынтык чыгарууга даяр экенин билдирди.

Тажикстанга акысыз курал берүү боюнча мыйзам долбоору Казакстандын парламентине сунушталды.

Бул тууралуу 15-сентябрда мажилистин эл аралык иштер жана коргоо комитетинин төрайымы Айгүл Куспан билдирди.

"Казакстан Тажикстанга акысыз аскердик жана техникалык жардам көрсөтөт. Комитет мыйзам долбоору боюнча жыйынтык чыгарууга даяр".

Айгуль Куспан келишимге быйыл 12-июлда Нур-Султанда кол коюлганын кошумчалады.

Палатанын спикери Нурлан Нигматулиндин айтымында, документ "Тажик-ооган чек ара аймагында коопсуздукту камсыздоодо аскердик-техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу Казакстан жана Тажикстан өкмөттөрүнүн келишимин ратификациялоо" деп аталат.

Ал эми Нур-Султандын Дүйшөмбүгө акысыз аскердик жардам бере турганы жөнүндө маалыматтар быйыл 8-июнда белгилүү болгон.

Казакстандын Коргоо министрлиги тажик армиясына 3 миллиондон ашуун даана курал берүүгө негиз болчу атайын мыйзам даярдалып жатканын билдирген.

Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Кыргызстандан 36 (экөө бала), Тажикстандан 19 адам набыт болгон.

Кыргызстандан 140 турак жай, беш мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, 24 май куйган станция, 60 коммерциялык объект, эки чек ара бекети жана бир клуб толугу менен талкаланган. Тажикстандын Согд облусунда 14 турак жай бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.

Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, Башкы прокуратуралары кылмыш иштерин козгошкон.

Мына ушул чырдын фонунда Казакстандын коңшуларына аскердик жардам көрсөтө турган жаңылык социалдык тармактарда түрдүү талкууларга жем таштаган. Казакстандын өзүндө да чырдашкан коңшулардын бирине курал берүү аракетин сындагандар болгон.

Мындан кийин казак коргонуу мекемеси Казакстандын эки өлкө ортосундагы "чек ара талашын ырбатайын" деген ою жок экенин билдирген. Министрликтин маалыматында, 2019-жылдын декабрында Тажикстандын Коргоо министрлиги тажик-ооган чек арасындагы абалдын курчушуна байланыштуу аскердик-техникалык жардам сурап кайрылган. Анын негизинде, өкмөт аралык келишим иштелип чыгып, ага быйыл 17-апрелде кол коюлган.

"Ушундай эле макулдашууга 2-мартта Кыргызстан менен кол коюлган", -деп билдирген Казакстандын Коргоо министрлиги.

Тажикстанга чектеш Ооганстандагы кырдаал 15-сентябрда Дүйшөмбү шаарында Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна (ОДКБ) мүчө өлкөлөр кеңешинде талкууланды.

Анда ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась тажик-ооган чек арасындагы абал оор экенин, кырдаал курчуп кетсе, ЖККУга мүчө өлкөлөр Тажикстанга зарыл болгон аскердик-техникалык жардамды көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, бул этапта Кремл талибдер менен алгач коңшу өлкөлөр үчүн ар кандай тобокелдиктерди жоюу менен байланышкан суроолорго жооп издейт.

"Орусия талибдерге эч кандай шарт койбойт, алар убадаларын кантип аткара турганын байкайт. Талибдер өз максаттарын жарыялашты, анын ичинде терроризмге каршы күрөшүү, баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча милдеттенмелери бар экенин, Ооганстандын аймагынан коңшу өлкөлөргө коркунуч келбеши үчүн бардыгын жасай тургандыктарына ишендиришти", - деди Лавров.

Эл аралык журналисттер жана эксперттер ЖККУну Ооганстандагы окуяларга байланыштуу аракетсиздик үчүн сынга алып, уюмга мүчө өлкөлөрдөн абалды тыкыр талдоону жана олуттуу чечимдерди күтүшкөнүн белгилешет.

"Бүгүнкү күндө ЖККУ өлкөлөрүнүн Ооганстандагы кырдаал боюнча бирдиктүү позициясы жок. Мен муну ЖККУнун башкы катчысынын сөзүнөн кийин байкам калдым", - дейт тажикстандык эксперт Косим Бекмухаммад.

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму 1992-жылы негизделген. Ага Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан, Орусия жана Тажикстан мүчө. Башында Азербайжан, Грузия жана Өзбекстан да бул альянска кирип, кийинчерээк чыгып кетишкен.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG