Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:47

Казакстан аскердик жардамдын чоо-жайын түшүндүрдү


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Казакстандын Коргоо министрлиги Тажикстан жана Кыргызстанга бериле турган аскердик-техникалык жардамдын чоо-жайын түшүндүрдү. Бул тууралуу 8-июнда "Тенгри ньюс" сайты жазды.

Мекеме Казакстандын эки өлкө ортосундагы "чек ара талашын ырбатайын" деген ою жок деп билдирди. Министрликтин айтымында, 2019-жылдын декабрында Тажикстандын Коргоо министрлиги тажик-ооган чек арасындагы абалдын курчушуна байланыштуу аскердик-техникалык жардам сурап кайрылган. Анын негизинде, өкмөт аралык келишим иштелип чыгып, ага быйыл 17-апрелде кол коюлган. Ушундай эле макулдашууга 2-мартта Кыргызстан менен кол коюлган.

Коргоо министрлиги бул документтерге чек арадагы абал курчуй электе жетишилгенин, учурда сөз болгон келишимдерди ратификациялоо иши жүрүп жатканын белгиледи.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык мерт болгон. Бир катар айылдарда турак-жайлар кыйрап, 160тай киши жараат алган, 40 миңден ашуун адам үй-жайын убактылуу таштап качканга аргасыз болгон.

Тажикстан 19 жараны каза болуп, үй-жайлар талкаланганын, 90дой киши жараат алганын маалымдаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG