Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:58

Энергетика жана өнөр жай министри Турдубаев кызматтан бошотулду


Кубанычбек Турдубаев. “Кыргызстандын энергетикасы. Тарыхы. Учуру. Келечеги” аттуу жыйын. 07.06.2021
Кубанычбек Турдубаев. “Кыргызстандын энергетикасы. Тарыхы. Учуру. Келечеги” аттуу жыйын. 07.06.2021

Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун жарлыгы президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Президенттин дагы бир жарлыгы менен Доскул Бекмурзаев энергетика жана өнөр жай министри болуп дайындалды.

Кубанычбек Турдубаевдин кызматтан алынган себеби айтылган жок. Ал бул кызматка февраль айында дайындалып, 5-майда жаңы Баш мыйзам күчүнө киргенден кийин министрлик ордун сактап калган.

Турдубаев 7-июнда Энергетика министрлиги өткөргөн “Кыргызстандын энергетикасы. Тарыхы. Учуру. Келечеги” аттуу жыйынга катышып, алдыдагы пландарын айткан. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG