Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:16

Кылмыш топторго каршы операцияда жүздөгөн киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бир катар агенттиктер Евробиримдиктин полициясы (Европол), АКШнын Федералдык иликтөө бюросу жана дагы бир нече өлкөнүн атайын кызматтары уюшкан кылмыштуулукка каршы “өтө кылдат операция” жүргүзүшкөнүн билдиришти.

Бийликтердин 8-июндагы маалыматына караганда, 18 өлкөнү камтыган операциянын жүрүшүндө террордук уюмдардын, мафиянын жана башка кылмыштуу топтордун жүздөгөн мүчөсү кармалды.

Бул – АКШ, Европа, Австралия, Жаңы Зеландиянын укук коргоо органдарынын үч жылдык кызматташуусунун жыйынтыгы болду.

Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисондун айтымында, өлкөдөгү гана эмес, дүйнөдөгү уюшкан кылмыштуулукка чоң сокку урган операция 224 кишиге айып тагууга жол ачты.

Кабарларга ылайык, АКШнын Федералдык иликтөө бюросу иштеп чыккан ANOM деген жабык тиркеме кылмышкерлердин сүйлөшүүлөрүн тыңшап, окуп турууга мүмкүнчүлүк берген. Ошентип, бир жарым жылдай маңзат аткезчилиги, арам акчаны адалдоо, адам өлтүрүү жана башка кылмыштарды пландаган Латын Америкасынан Азияга чейинки кылмыштуу синдикаттар полициянын көзөмөлүндө турган.

Австралия полициясы ошол тиркемени дүйнөдө 11 миңдей кылмышкер пайдаланганын маалымдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG