Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Эркин окумуштуулар "Казвак" вакцинасынан күмөн санашат


"Казвак" (QazVac) вакцинасы
"Казвак" (QazVac) вакцинасы

Казакстандагы эркин окумуштуулар менен дарыгерлер тобу жергиликтүү "Казвак" (QazVac) вакцинасына каршы чыгышты. Алардын айтымында, аны иштеп чыккандар клиникалык сыноонун жыйынтыгын көргөзө элек жана шек санаткан компоненттерди пайдаланышкан.

Бул препаратты кошуна өлкө быйыл апрелде колдоно баштаган. Ал маалда сыноонун клиникалык сыноосу аяктай элек болчу. Вакцинаны иштеп чыккандар "Казвак" коопсуз, вирустан 96 процентке коргойт жана орусиялык "Спутниктен" кем калбайт деп айтышат.

Эркин окумуштуулар препаратты чыгарууда формальдегид деген зат кандай максатта жана кандай көлөмдө колдонулган деген суроо салышат.

Вакцинаны иштеп чыккан Улуттук илимий изилдөө институтунун кызматкерлери күмөн саноолор негизсиз деп, үчүнчү фазанын жыйынтыгын жакынкы күндөрдө жарыялоого убада берүүдө.

Маалыматтарга караганда, азыр жергиликтүү препараттын 100 миң дозасы өлкөнүн булуң-бурчуна жеткирилген. Жетекчилер вакцинаны Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жактырышына аракет көрүлөрүн билдирип келатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG