Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:08

Журналист Айдай Токоева көчөдө ыдык көргөнү үчүн милицияга арыз жазды


Журналисттер Айзирек Иманалиева жана Айдай Токоева милицияга арыз жазып чыккандан соң ушул сүрөттү "Фейсбукка" жарыялашты.
Журналисттер Айзирек Иманалиева жана Айдай Токоева милицияга арыз жазып чыккандан соң ушул сүрөттү "Фейсбукка" жарыялашты.

Бишкекте көчөдө бейтааныш жигиттен ыдык көргөнүн айткан журналист Айдай Токоева 8-июнда милицияга арыз жазды.

Бул тууралуу ал "Азаттыкка" өзү билдирди, арыз Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө берилген.

"Тергөөчүнүн айтымында, ишти Ички иштер министрлигинин жетекчилиги өзгөчө көзөмөлгө алды", - деди Токоева.

Окуянын чоо-жайын райондук милиция иликтей баштаганын Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Бир күн мурун Айдай Токоева кесиптеш курбулары Айзирек Иманалиева жана Савия Хасанова менен көчөдө баратканда бейтааныш жигит келип, аны жамбашка чапкан. Кыздар жигитти дароо видеого тартып, эмнеге мындай кылганын сурашканда "Кааладым, урдум" деп жооп берген. Кыздар анын жоругун сындап, жооп беришин талап кылганда жигит качып кеткен. Видеону Айзирек Иманалиева "Твиттерге" чыгарган.

Төрт кыз тең "Kloop" басылмасынын журналисттери. Ыдык көрсөткөн жигиттин тек-жайы азырынча аныктала элек.

«Кыргызстандагы аял судьялардын ассоциациясы» жыныстык ыдык көрсөтүүнүн масштабы боюнча 2019-жылы изилдөө жасаган. Анда көптөгөн аялдар үчүн жыныстык асылуу – бул чыныгы жараат, андан кийин алар өздөрүн коопсуздукта сезе албай калышары белгиленген.

Изилдөөгө катышкан кыз-келиндердин 16% гана ыдык көрсөткөндөргө каршы тура аларын айтышкан. (SE)

"Азаттыктын" архиви: Тийишүүдөн зомбулукка бир кадам

"Азаттыктын" архиви: Харассмент дегенди билесизби?

XS
SM
MD
LG