Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:54

Муфтият жума намазды мечиттерде окууга уруксат берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мечиттерде жума намаз 11-июндан тартып окула баштайт. Мындай маалымат Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын (Муфтият) расмий сайтында жарыяланды.

Муфтият эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бардык мечиттерде сактык чараларды жана санитардык эрежелерди сактоо керектигин эскертти.

Күнүмдүк беш убак жана жума намазына келгендерди сөзсүз беткап тагынышы керек. Адамдардын ортосундагы 1,5 метр аралык так сакталып, мечиттин сыйымдуулугунун 50% гана түзүшү шарт.

Бишкек шаарында коронавирус менен ооругандар жана анда көз жумгандар көбөйүп жаткандыктын, быйыл апрель айында мечиттерде жапырт намаз окууга, жума намазга, айт намазга чогулууга, жана дааватка чыгууга убактылуу чектөө киргизилген.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда бул илдеттен 1859 адам каза болду. Вирусту 107 714 киши жугузуп алды. Анын 101 033ү сакайды.

Өлкөдө 2021-жылдын мартында Кытайдын "Sinopharm", Орусиянын "Sputnik V" вакциналары менен эмдөө башталган. Майдын соңунда кытай препаратынын биринчи дозасы түгөнгөн.

Ушул күнгө чейин 80 миңден ашык киши эмделди.

Кыргызстан Дүйнөлүк банк берген 20 миллион доллардын 17 миллионуна 1 миллион доза вакцина сатып алганы жатат. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG