Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

9-июнда көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болушу мүмкүн


Суусамыр.
Суусамыр.

Кырызгидрометагенттигинин 9-июнга карата аба ырайы тууралуу маалыматы:

Түнкүсүн Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын тоолуу жерлеринде өткүн өтөт. Күндүз бардык облустарда жаан-чачын болушу ыктымал.

Абанын температурасы:

Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн 17...22, күндүз 31...36,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17...22, күндүз 30...35,

Талас облусунда түнкүсүн 17...22, күндүз 28...33,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 19...24,

Нарын облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3...+2, күндүз 7...12°.

Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Түнкүсүн 20...22, күндүз 32…34°.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG