Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:35

ДССУ бай өлкөлөрдү вакцинаны тең бөлүштүрүүгө чакырды


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейсус бай мамлекеттерди вакцина менен бөлүшүүгө дагы бир жолу чакырды. Апта соңунда Англияда "Чоң Жетинин" саммитинде пандемия менен күрөшүү жана өнүгүп келаткан өлкөлөрдү вакциналар менен камсыздоо маселесине да көңүл бурулмакчы.

Гебрейсус 7-июндагы маалымат жыйында пандемия "эки башка нукта баратканына күбө болуудабыз" деп билдирди.

“COVID-19 илдетине каршы алгачкы вакцина сайылгандан берки алты айда кирешеси жогору өлкөлөрдө дүйнөдөгү жалпы дозалардын 44% пайдаланышты. Ал эми колунда жок өлкөлөрдө 0,4 % гана керектелди. Эң өкүнүчтүүсү, бир нече айдан бери жагдай өзгөргөн жок”.

Ошол эле жыйында уюмдун чукул кырдаалдар боюнча жооптуу өкүлү Майкл Райян пандемиядан чыгуу, коронавирустун жаңы түрлөрүнө туруштук берүү үчүн көбүрөөк адам, атап айтканда калктын 80% эмделиши керектигин белгиледи.

Адистерди вирустун төрт штаммы өзгөчө камтама кылууда. Соңку маалыматтарга караганда, Индиядан чыккан вирустун түрү 60тан ашуун өлкөдө жайылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG