Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

Орхан Инандыны издөөгө Интерпол көмөктөшөт


Инандыны табууну талап кылгандардын акциясы буга чейин бир нече жолу өттү.
Инандыны табууну талап кылгандардын акциясы буга чейин бир нече жолу өттү.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти, бир аптадан бери дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандыны издөөгө Интерпол көмөктөшөт. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 8-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

“Инандыны Кыргызстандан тышкары эл аралык издөө жарыяланды. Аны Орусиядан, Түркиядан жана дүйнөнүн башка мамлекеттеринен издөөгө өзүбүздүн багыттамаларыбызды жөнөттүк. Ал башка документтерди колдонуп өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн”, - деди Абдиев.

Милиция бул факты боюнча Жазык кодексинин 170-беренеси (Адам уурдоо) беренеси менен кылмыш иши козгогон. Ошондой эле издөө иштери жалпы республика боюнча жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Бишкекте ондогон киши Инандыны табуу талабы менен бир нече күн акцияга чыкты.

Орхан Инандынын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Кыргызстанда 20дан ашуун "Сапат" жеке лицейинин, эл аралык "Ала-Тоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды теги түркиялык, Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG