Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:31

Баткен, Фергана жана Согд облустарынын өкүлдөрү өз ара кызматташтыкты талкуулашты


Кыргызстандын желеги.
Кыргызстандын желеги.

Кыргызстандын Баткен, Өзбекстандын Фергана, Тажикстандын Согд облустарынын өкүлдөрү 3-сентябрда Фергана шаарында жолугушту. Бул тууралуу Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев "Азаттык" радиосуна маалымдады.

Анын айтымында, жолугушуу кызматташтык, достук ымаланы бекемдөө максатында уюштурулган. Үч облустун кызматташтыгын жандандыруу багытындагы демилгелер Баткен, Фергана жана Согд облусунун башчыларынын атайын кеңеши бекиткен план менен жүргүзүлө турган болду. Өзбекстандын Фергана облусу Баткен жана Согд облустары менен чектешет.

Ушундай эле жолугушуу быйылкы жылдын апрелинде Фергана шаарында өтүп, андан ары башка облустарда кезек менен өткөрүөлмөй болгон. Андан бир жума өтпөй кыргыз-тажик чек арасында Баткен районунун аймагындагы “Головной” тилкесинде куралдуу кагылыш тутанып кеткен. Жаңжалда 36 кыргызстандык курман болгон. 186 жаран октон жараат алган. Ондогон үйлөр, социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан.

Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG