Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:18

Бийликтин бюджетти толтуруу аргасы 


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бюджеттин туруктуулугун камсыз кылуу үчүн Турукташтыруу фонду түзүлдү. Бийлик бул фондго жок эле дегенде 17 миллиард сом топтоп, каржылык ар кандай кырдаалдарда колдонууну максат кылып жатат.

Экономисттер казынанын жыртык-тешиги бүтөлбөй жаткан шартта бийлик резервге акча чогулта аларынан күмөн санашууда. Бул фондго акча каяктан чогулат?

Турукташтыруу фонду кантип иштейт?

Өлкөдө ар кандай экономикалык кырдаалда колдонуп, социалдык милдеттенмелерди аткаруу үчүн кошумча каражат чогултуу сунушу мурда-кийин эле айтылып келген. Президент Садыр Жапаров 2-сентябрда буга байланыштуу Кыргызстандын Турукташтыруу фондун түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Министрлер кабинетине пенсия, жөлөк пул жана мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын төлөөгө эки айга жете тургандай каражат топтолчу фондду түзүп, тиешелүү долбоорду Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү тапшырмасы берилди.

Турукташтыруу фонду түзүлөрүн Садыр Жапаров 31-августта Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата Бишкекте уюштурулган иш-чарада жарыялаган.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

“Финансылык ресурстарды туура колдонуу, кечиктирилгис жана чукул иш-чараларды жүзөгө ашыруу, болочок муундун жаркын келечегине эмитен кам көрүү максатында Стабилизациялык фонд түзүүгө даярданып жатабыз. Ал фондго эң аз дегенде 17 миллиард сом каражатты топтоо - жакынкы максатыбыз”.

Экономикалык ар кандай оор шарттарда абалды турукташтырууга же андан чыгуу үчүн бюджеттик каражаттан тышкары акча топтоо идеясын экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров айтып келаткан. Анын сөзүнө караганда, Турукташтыруу фондуна топтолот деген 17 миллиард сом өлкөдө эки ай пенсия, жөлөк пул жана айлык маянаны төлөөгө жетет. Ал 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында фонддун иши так көрүнүп калат деп күтүп турат. Ал эми “фонддун каржы булагы кандай болот?” деген суроого мындайча жооп берди.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

“Эмки жылдан баштап ай сайын киреше, бюджеттен тышкары келе турган каражат же сырт жактан алынган жардамдардын баарын Турукташтыруу фондуна салабыз. Биз жок дегенде эки айга төлөнчү социалдык төлөмдөрдү чогулталы деп атабыз. Мындан ары чет жактан келген каражатты бюджетти колдоого жумшабайбыз. Биз акыркы алты ай ичинде бюджетти турукташтырып алдык. Өзгөчө кен байлыктардан түшө турган кирешелерибизди өзүбүз иштетип, кийинки муунга сакташ үчүн ушундай фонддорду түзүп иштейли деген ниетибиз бар. Ошонун биринчиси – Турукташтыруу фонду. Биз жарандарды пенсия, жөлөк пул боюнча кабатыр кылбашыбыз керек”.

Акылбек Жапаров Кумтөрдөн чыккан алтынды ушуга окшогон фонддорго, Улуттук банктын резервине, Экономика жана финансы министрлигинин резервине сатып алып сактоо боюнча да иштер турмушка аша баштаганын кошумчалады. Турукташтыруу фондун Экономика министрлиги башкарып, каражатты көзөмөлдөй турганы пландалып жатат.

Каржалган казына, эксперттердин пикири

Бирок бюджетти жыл сайын дефицит менен кабыл алып кирешесинен чыгашасы ашып турган Кыргызстан казынадагы каражаттан тышкары өзүнчө акча топтой аларына көзү жетпегендер бар.

Мисалы, ушул жылдын алты айында ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) көлөмү 271 миллиарддай сом болуп, өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 1,7% төмөндөдү. Кумтөр кенин эсепке албаганда, 242 миллиард сомду түзүп, 2020-жылга караганда 3,7 % жогорулады.

Экономика тармагы боюнча эксперт Кайрат Итибаев Турукташтыруу фондунун шайма-шай иштеп кетерине ишенбейт.

Кайрат Итибаев.
Кайрат Итибаев.

“Бул фонд Орусияда мындан 20 жыл мурун Владимир Путин түзгөн фондго окшошуп кетип атат. Ал кезде мунайдын, газдын баасы кымбаттап, Орусияда жаңы түзүлгөн фонддун каржы булагы аныкталган. Ал эми Кыргызстандагы реалдуулукка келсек, Турукташтыруу фондуна акча топтоого каражат жок. Жөнөкөй жаран катары фонддун түзүлүшүн мен деле колдойм. Бирок эксперт катары айтканда, бюджетибиздин өзү тартыш”.

Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга ылайык, 2021-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 172 миллиард 891 миллион сом, ал эми чыгашасы 181 миллиард 354 миллион сом болот деп белгиленген. Тартыштык 8 миллиард 463 миллион сомдун чегинде болоору мерчемделген.

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров өлкөдөгү кымбатчылыкты да эске салды.

Элдар Абакиров.
Элдар Абакиров.

“Чечимди кабыл алып атканда сырттагы реалдуулукту эске алыш керек. Инфляция. Бензиндин баасы 55-60 сомго жетип калды. 30-40 сомдон турган кумшекердин баасы 60-70 сомго чыкты. Мындан башка да азык-түлүк кымбаттап кетти. Адамдар болсо бир жыл мурун 15 миң сом айлык алчу. Азыр деле ошол эле айлык. Эми бул акчага өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе аз азык-түлүк, эки эсе аз бензин сатып ала алат. Демек, бюджеттин өсүшү инфляциядан бир топ эле артта калды”.

Президент Садыр Жапаров болсо Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата КТРКдагы программалардын биринде өлкө быйылкы жылдын аягында профицитке чыгат деп айтты.

2-сентябрда ал чакан жана орто бизнес менен алектенгендердин маянасынан Социалдык фондго чегерилүүчү төгүмдү убактылуу азайтуу боюнча жарлыкка кол койду.

Ага ылайык чакан жана орто ишкердик менен алектенгендер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери кызматкерлердин санына жана эсептелген эмгек акысына жараша төмөндөтүлөт. Аны 2022-2024-жылдары 27,25%, 22% жана 14% чейин азайтуу каралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG