Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:39

Буудайдын түшүмү азайып, баасы өстү


Буудай оруп-жыйноо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Сугат суунун тартыштыгы жана аптаптуу ысыктан быйыл буудайдын дүң жыйымы 41,4%, арпанын түшүмү 58% кыскарды. Буга байланыштуу буудайдын баасы бир жылдын ичинде дээрлик 40% кымбаттады.

Министрлер кабинети азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу үчүн буудайды сыртка экспорттоого тыюу салып, өлкөгө буудай жана ун ташып кирүүгө кошумча нарк салыгын убактылуу алды. Адистер мындай абал жылдан-жылга курчуй берерин эскертип, дан эгиндеринин аянтын көбөйтүүнү сунуштап жатат.

Кыйнаган кургакчылык, кыскарган түшүм

Улуттук статистика комитеттин эсебинде, ушул жылдын июль айына карата дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) 230,7 миң гектар аянттан жыйналды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,3% аз.

Анын ичинен күндүн ысыгынан жана сугат суунун жетишсиздигинен буудайдын түшүмү 41,4%, арпаныкы 57,9% кыскарды.

Мындай жыйынтык күтүлгөндөй эле болду. Себеби, быйыл Орто Азия чөлкөмүндө, анын ичинде Кыргызстанда кургакчылык болуп, мал-жандыктар жуттан өлдү. Чүйдүн дыйкандары суу тартыштыгына нааразы болуп Бишкекте бир нече жолу акцияга чыгышты.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургуну Сүйүнбек Сакеев быйыл 16 гектар жерге арпа айдаган. Эми сентябрь айын аяктап арпасын оруп жыйноону баштаганы турат.

"Айылда кээ бир жерлерде түшүм начар. Буудай күйүп кетти. Жалпы 50% жакшы, 50% начар деп айтса болот. Жаан жаабай, күндүн ысыгына байланыштуу окшойт. Антип айтайын десең сугарылган жерлерде деле жакшы чыкпай калгандар болду".

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Статистика комитетинин маалыматы тууралуу азырынча бир жактуу баа берүүгө эрте экенин билдирди. Ал бир жуманын аралыгында министрлик жыйым-теримдин жыйынтыгын чыгарып так маалымат берилет деп убада кылды. Ошол эле кезде азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан айрым чаралар тууралуу айтып берди.

Аскарбек Жаныбеков.
Аскарбек Жаныбеков.

"Буудай менен ундун баасын түшүрүү максатында аларды Кыргызстанга ташып кирүүгө кошумча нарк салыгы убактылуу алынып салынды", - деди Аскарбек Жаныбеков.

Абалдан кантип чыгабыз?

Кыргызстанда буудайды импорттоо жана ун жеткирүүлөр 2022-жылдын 1-августуна чейин кошумча нарк салыгынан бошотулган. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон эле. Муну менен катар эле буудай, ун, шекер, күрүч, өсүмдүк майы, жумуртканы Евразия экономикалык биримдигинен тышкары үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого чектөө киргизилген.

Мындай сунушту өкмөткө Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги берип былтыр жогорудагы айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү аянттары азайып кеткени, анын үстүнө быйыл жай кургакчыл болгону жүйө келтирген.

Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Рустам Жунушов буудайдын түшүмү быйыл эле кургакчылыктын айынан азайып кетти дегенге кошулбайт. Ал бул көп жылдан бери чечилбей келаткан маселелердин жыйынтыгы деп эсептейт.

Анын айтымында, Кыргызстанда ун комбинаттары азайып буудайга болгон талап түшүп кетип буудай аянттары да кыскарган. Дыйкандар болсо түшүмүн тоют катары сатып калышкан. Себеби, Кыргызстан буудай менен ундун көбүн Казакстандан жана Орусиядан сатып алат. Быйыл болсо Казакстандын өзүндө да кургакчылык болду.

Буудай менен унду Кыргызстанга ташып кирүүгө кошумча нарк салыгы алынгандан кийин эми комбинаттар ушул мүмкүнчүлүктү карап жатышат.

Рустам Жунушов.
Рустам Жунушов.

"Жалпы 28 ун комбинаттары менен келишим түзүлгөн. Алардын бири насыя алып, экинчиси башка жерден каражат таап Орусиядан же Казакстандан болобу ун арзаныраак убакта декабрь айынын аягы, январга чейин 200 миң тоннага чейин ун ташып келүүгө аракет кылып атышат. Бул азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу да. Эми унга болгон муктаждык жылдан-жылга көбөйө берет. Бул маселе Кыргызстанда эле эмес дүйнө жүзүндө болуп жаткан көйгөй. Өкмөт ошондуктан фермелерге жардам берип, эгин талааларын көбөйтүшү керек".

Кыргыз өкмөтү мурдараак Кыргызстандын буудай азыктарына муктаждыгы 600-650 миң тонна деп эсептеп келчү. Айыл чарба министрлиги быйылкы керектөөнү 750 миң тонна деп баалап жатат. Өлкөдө буудай аянттарынын көбү Чүй, Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустарына туура келет.

Ошол эле Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда июль айында бир килограмм буудайдын баасы 29,15 сомду түздү. Муну менен буудай өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 8,2 сомго же 39,3 пайызга өскөнүн көрсөттү.

Кыргызстандын буудайы. Архивдик сүрөт.
Кыргызстандын буудайы. Архивдик сүрөт.

Академик Жамин Акималиев бийлик азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылыш үчүн узак мөөнөттүү саясат жүргүзүүгө убакыт келгенин эскертти.

"Быйыл болору болду. Эми кийинки жылдын камын көрүп башташ керек. Мен көп жылдан бери айтып келатам. Кыргызстандын жаратылыш шартында көбүнчө күздүк буудай себиш керек. Себеби, күздүк буудай кандай жыл болсо да жаздык буудайга караганда 35% түшүмдү көп берет. Сентябрь кирип келди. Азыр 200 миң гектарга күздүк буудай сээп койсок эмки жылы элди нан менен кенен камсыз кылабыз".

Күздүк буудай демекчи, 13-августта Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Казакстандын элчиси Рапил Жошыбаев жолугуп, анда казак тарап Кыргызстанга 1 миң тонна күздүк буудай үрөнүн бөлүп берүүнү караштырып жатканы белгилүү болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG