Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Кыргызстандын экономикасы былтыркыдан да төмөн түштү


Ош шаарындагы дүкөндөрдүн бири.
Ош шаарындагы дүкөндөрдүн бири.

Кыргызстандын экономикасы пандемиянын кесепетинен чыга албай, бир жарым жылдан бери нөлдүк өсүшкө да чыга элек. Жыл башынан бери ИДӨ былтыркы ушул убакка салыштырмалуу 1,6% түштү. Бирок өткөн жылы карантиндин айынан экономика такыр жылбай турган.

Республикадагы структуралык көйгөйлөрдү жана кризистин канчалык терең экенин көргөзүп турган себептерге токтолобуз.

Кумтөр – биздин бар байлыгыбыз

Кыргызстандын экономикасы ушунчалык чакан, бардык “аба ырайын” бир эле кен өзгөртүп коет. Статистиканын өсүп же түшө баштаганы дээрлик Кумтөргө көз каранды.

Эгер 2021-жылдын жети айы менен өткөн жылдын биринчи жылдыгын Кумтөр кенин эске албай салыштырсак, быйыл ИДӨ (ички дүң өндүрүм) 3,6% өскөн. Ооба, Улуттук Статком ушул бир ишкананын көрсөткүчүн кошпой өзүнчө статистика чыгарат. Айласыз.

Кумтөр - Кыргызстандагы ИДӨнүн 10%, өнөр жайдын көлөмүнүн 20% жапкан ири алтын кени. Анын көрсөткүчтөрү өлкөдөгү реалдуу абалды бурмалап койчу күчкө ээ.

Мисалы, Кыргызстандын экспорту 2020-жылы пандемиядан жабыр тарткан эмес. Бирок, бир караганда гана. Экспорт көлөмү алтындын баасы өсүп кеткени менен сакталып турган. Кымбат баалуу металлдын баасы өлкө экспортунун жарымын же 1,9 миллиарддын 986 миллион долларын түзгөн. Бул Кыргызстандын алтындын дээрлик бардык көлөмү алынган Кумтөргө канчалык деңгээлде көз каранды экенин көрсөтүп турат.

2020-жылы алтын кымбаттап, Кыргызстан жолдуу болгон. Бирок 2021-жылдын башынан тартып кымбат баалуу металлдын баасы арзандаган.

Инфляция баарын жейт

Номиналдык түрдө айтсак, жети айдагы ИДӨ көлөмү 337 млрд. сомду түзүп, өткөн жылдагы 282 млрд. сомдон алда канча көп.

Экономика көлөмү 55 млрд. сомго өскөндөй болду. Бирок ал инфляция менен коштолууда, товардын жана кызмат көрсөтүүнүн гана баасы көтөрүлбөсө, өндүрүш көлөмү өскөн жок.

“ИДӨ номиналдуу жана реалдуу болуп бөлүнөт. Реалдуу ИДӨ акчадан тышкары, баанын өсүшүн -инфляцияны эске алат. Номиналдуу менен реалдуу ИДӨнүн айырмаланганы өлкөдө баа өтө кымбат экенин билдирет. Муну баары эле көрүп турат”, - деп түшүндүрдү экономист Азамат Акенеев.

Кыргызстанда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку инфляция жүрүүдө, жыл башынан бери 7% түздү. Айрыкча тамак-аш баасы көтөрүлүп, 9,8% жетти. Баалардын өсүшү Министрлер кабинетинин баш оорусуна айланып, мал-жандыкты экспорттоого тыюу салып, импортко болгон салыкты алып салып же элдин керектөөсү үчүн товарды чет элдик өндүрүүчүдөн түз сатып алуудан башка аргасы калбады.

"Бийлик мындай жол менен инфляцияны жасалма түрдө кармап турат. Болбосо ал мындан да жогору болмок", - дейт экономист Эркин Абдразаков.

"Баанын өсүшү, элдин бийликке ишенимин түшүрбөш үчүн инфляцияны жумшартуу аракети жүрүп атат. Бирок биз элдин кантип жашап атканын көрүп жатпайбызбы”.

Капиталдын агышы

Адистердин айтымында, кыргыз экономикасынын дагы бир чоң көйгөйү - инвестициянын сыртка массалык агышы. Бул өндүрүш көлөмүнө түздөн түз таасир этүүдө. Акыркы маалыматтарда биринчи кварталда чет элдик түз инвестициянын келиши 112 млн. долларды түзгөн. Ошол эле маалда сыртка агып кеткен инвестиция көлөмү 480 млн. доллар. Тескери сальдо 368 млн. долларды түздү.

"Бул жылы сооданын жана курулуштун өсүү темпи жайлады, курулуш бул - капиталдык салым, инвестиция катары кетчү сектор. Бирок кризис маалында капитал курулушка эмес, банк эсебине кетип депозит өсүп жатат. Мен пандемия маалында киреше финансы блогуна кетти деп ойлойм”, - деди Экономика жана финансы министрлигинин экономика саясатын изилдөө институтунун эксперти Нургүл Акимова.

"Инвестициянын агып чыгышына ириде экономикалык туруксуздук жол берет", - дейт экономист Азамат Акенеев.

"Ишкерлер жөн гана акча салгандан коркот. Көпчүлүгү өз ишмердүүлүгүн токтотууну оң көрүшөт. Киреше дээрлик жок. Инвестициянын мындай тартыштыгы буга чейин эч качан болгон эмес. Мунун баары экономиканын калыбына келишин жайлатат”, - деп эсептейт ал.

Баары жакшы болобу?

Экономиканын эң жаман жылга салыштырмалуу төмөндөшү, капиталдын сыртка карай агышы жана эң жогорку инфляция бийликти анчейин коркутпагандай.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан 2023-жылы ИДПнын пандемияга чейинки өсүү темпине кайтат деп ишенет. Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов азыр эле экономикадагы “жагымдуу жылышты” көрүп турганын билдирди. Мамкатчы Чолпонбек Абыкеев андан да өткөн оптимисттик маанайда. Ал 10 жылдан кийин Кыргызстанды өнүккөн 50 мамлекеттин катарынан көрө турганын айтты.

Дүйнөлүк банктын маалыматында Кыргызстан өлкөнүн экономикалык өсүшүн жана кубаттуулугун көрсөткөн ИДП көлөмү боюнча дүйнөлүк рейтингде 148-орунду ээлейт. ИДП көлөмү 2020-жылы 7,7 млрд. долларды түзгөн. Бул КМШга кирген жана Орто Азия мамлекеттеринин ичиндеги эң төмөнкү көрсөткүч.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG