Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 15:50

Саматов: ЕАЭБ эки жүздүү саясатын токтотушу керек


Манас Саматов.

Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйыны жыйынтыкталды.

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгон алты жыл аралыгында бул уюмдун канчалык пайдасын көрдү? Жөнөкөй товар өндүрүүчүлөр бул уюмдун экономикага таасирин сездиби? "Азаттык" фермер Манас Саматов менен маектешти.

- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров бизнес форумда Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдү АКШ доллары менен эсептешүүдөн баш тартууга чакырды. Бул демилге канчалык жөндүү? Дегеле бул мүмкүнбү?

- Бул жерде бир эле мазмун бар, ЕАЭБ деген түпкүрүндө саясий долбоор. Москва бизге таңуулаган саясий долбоор десек болот. Бул уюм биздин кызыкчылыктарга төп келбейт. Эгер чыныгы экономикалык максаттагы уюм болсо, өз кызыкчылыктарыбызды коргой ала турган мүчө болсок, анда уюм эки жүздүү оюнду жүргүзбөшү керек. Бул уюмга мүчө өлкөлөрдө АКШ доллары эмес өз акчалары болсо чоң оюнчуга керек учурда доллар менен эсептешишибиз керекпи? Эмне үчүн газга доллар менен төлөшүбүз керек? Орусиядан алган күйүүчү майларга доллар менен төлөшүбүз керек?

Ошол эле учурда Орусия өзүндө долларды жериген саясат жүргүзөт да өзү товар сатканда доллар менен алат. Эгер чыныгы шериктештик ниетиндеги экономикалык уюм болсо, өз ара ички акча менен эсептешсек болот. Бирок бул Орусияга ыңгайсыз болгону үчүн доллар менен эсептешип жатат. Уюмга кирбеген башка өлкөлөргө товар сатуусу кыскарганда, Орусия ушинтип бизге окшогон өлкөлөрдүн эсебинен митедей жан баккысы келет. Ушул жааттан алганда Акылбек Жапаров туура демилге айтты. Бирок анын ишке ашышын айтуу кыйын.

- Кыргызстан уюмдун жоболору бардык мүчөлөргө бирдей иштебей жатканын айтып келет. Бул жолу дагы Кыргызстандын расмийлери тарабынан ошондой чакырык болду. Уюмдун эреже шарттары, кабыл алынган документтер эмне үчүн баарына бирдей иштебейт?

- Бул уюмдун эрежелеринин өзү туура эмес. Эгер "бир өлкө - бир добуш" деген принцип болгондо анда туура болмок. Демек, мындай саясаты менен бул уюм кулачын кеңейтет дегенге ишене албайм. Орусиянын жүргүзгөн экономикалык саясаты, теңсиз мамилеси келечектүү деп айтууга болбойт. Биз дүйнөлүк экономикалык эрежелер менен ойнобой, орустардын бизге басым менен таңуулаган эрежелер менен жашаганга мажбур болуп жатабыз. Уюм эрежелерин кайра карап чыгышы зарыл. Орусиянын, Казакстандын кандай укуктары болсо биздин да ошондой укуктарыбыз болушу керек.

Чечимдерди кабыл алууда "бир өлкө - бир добуш" деген эреже болуш керек. Эгер андай болбосо, Москвада турган ЕАЭБ комиссиясы өзүн биздин парламенттен, өкмөттөн да жогору коюп алды. Анткени, алар биздин кызыкчылыктарды эске албай эле өзү каалгандай эрежелерди таңуулайт. Ошондуктан биз бул уюмдан чыгып кетишибиз керек же биздин да добушубуз, кызыкчылыктарыбыз эске алына тургандай эрежелер менен иштешибиз керек.

- Кыргызстан тарап ЕАЭБ ичинде товарларды эркин жүгүртөбүз деген жобо талаптагыдай иштесе, биздин өлкөлөрдүн товар алмашуусу бат эле 2-3 млрд. долларга жетет деп жатпайбы. Демек, өз укугун татыктуу коргой албай жатабы?

- Кыргызстандын кызыкчылыгын коргой турган киши жок. Башынан эле элди алаксытып, жооткотуучу аракеттер менен жүрүшөт. Ушул уюмга кирип жатканда биздин саясатчылар саткынчылык кылышты. Башында эле кыргыз экономикасына пайда алып келе турган, кызыкчылыктар корголо тургандай аракет кылган жок. Экономикада саясат болбошу керек дейт. Бул таптаза саясий-экономикалык долбоор, бизге тагылган экономикалык кылтак же укурук деп айтат элем. Бизге пайдасы жок, бул уюмдан баш тартканыбыз оң болмок. Бирок, бул уюмдан чыгышыбыз үчүн дүйнөдө бир топ өзгөрүүлөр, ошого ылайык шарттар жаралышы керек.

Мына, жаныбызда Өзбекстан менен Тажикстан бул уюмга мүчө болбой эле экономикалык мамилелерди жасап жатышат. Биздин бир эле тилибизди кыска кылган мигранттар маселесин көтөрүп келет. Дароо эле ушул мигранттарды колко кылышат. Бирок экономикалык мамиле, миграция өз-өзүнчө маселе болушу керек. Бизди ушул уюмга киргизерде мигранттарга жеңилдиктер каралат деп киргизип алышты. Болгону патент алууну жок кылып коюшту. Башка эч өзгөрүү болгон жок. Баягы эле кара тизме, депортация, кысымга алуу, жектөө токтогон жок. Миграцияда өзүнчө, экономикалык алака өз-өзүнчө талкууланышы керек. Уюмга мүчө болбой туруп эле эки тараптуу экономикалык мамилелерди жүргүзө берсек болмок.

- ЕАЭБге кирүү менен Кыргызстандын коңшулары Өзбекстан, Тажикстан, Кытай менен соода экономикалык алакасы солгундап кеттиби?

- Бул уюм биздин кошуналар менен экономикалык мамилебизде тушоо катары кызмат аткарып жатат. Мисалы, мал-жандыкты Өзбекстанга сатууга тыюу салышы. Бул биздин кызыкчылыктарыбызга каршы келет да. Канчалаган кант кызылчасын өндүрүүчүлөрдүн убалына калды. Бул такыр эркин экономика жүргүзүү талаптарына эрежелерине туура келбеген чектөө.

Биз канча кылымдан бери ошол эле өзбек кошуналар менен соода алака түзүп мамиле кылып келгенбиз. Анан бул уюм чектөөлөрүнөн кийин чек аралаш аймактагы соода алакабыз токтоп, аткезчилик күчөдү. Чек арадагы эки элдин соода алакасы эркин болуп, мамиле кылышы керек. Бул уюм талаптарына ылайык чектөөлөр чек арадагы соодада коррупциянын күчөшүнө да алып келди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG