Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 03:51

ЕАЭБдеги тоскоолдук: Бишкек көйгөйдү ачык айтты


ЕАЭБга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары. Солдон оңго карай - Никол Пашинян, Роман Головченко, Аскар Мамин, Улукбек Марипов, Михаил Мишустин жана ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович. Чолпон-Ата. 20-август, 2021-жыл.

Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында 19-20-августта Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммити өттү.

Анда уюмга мүчө бешилтиктин жана башка эки мамлекеттин премьер-министрлери катышты. Алты жылдай мурда түзүлгөн уюмда дагы деле болсо ондогон тоскоолдуктар калып келет. Аларды жоюу боюнча аракеттер болгону менен толук жыйынтык бере элек.

Тоскоолдуктар жана аны жоюу ниети

Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын Чолпон-Ата шаарында 19-августта башталган саммити 20-августта да уланды. Алгачкы күнү премьер-министрлердин тар чөйрөдөгү отуруму болсо, экинчи күнү жыйналыш кеңейтилген курамда өттү.

20-августта өнөктөш өлкөлөрдүн премьер-министрлерин алгач Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кабыл алып, расмий Бишкек уюмдун алкагындагы кызматташтыкты мындан ары да уланта берерин билдирди.

Садыр Жапаров жыйынга келген башка мамлекеттердин өкмөт башчыларын кабыл алды.
Садыр Жапаров жыйынга келген башка мамлекеттердин өкмөт башчыларын кабыл алды.

Андан ары өкмөт башчылар тегерек үстөлдө өзүнчө соода жүгүртүү, чек арадагы, бажыдагы тоскоолдуктарды жоюу сыяктуу жыйырмадай маселени талкуулашты.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов тар чөйрөдөгү кездешүүдө Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу аймактагы коопсуздук маселесин козгосо, экинчи күнү уюм ичиндеги тоскоолдуктар темасын көтөрдү.

“Жасалып жаткан кадамдарга карабай, биз дагы деле товарлардын, тейлөөнүн, капиталдын жана жумушчу күчүнүн тегеренишинде бирдиктүү экономикалык мейкиндик үчүн кабыл алынгыс тоскоолдуктарга туш болуп жатабыз. Биздин мамлекеттердин башчылары ички рыноктогу тоскоолдуктарды жоюуда Евразия экономикалык комиссиясынын ролу жөнүндө көп айтышкан. Ошого байланыштуу комиссиянын өз функциясын өзгөртүшү керектигине көңүлүңүздөрдү бургум келет. Акыркы мезгилдерде тоскоолдуктарды аныктоо жана барьерлерди жок кылуу боюнча комиссиянын ролу төмөндөп кеткени байкалып жатат. Ушул өңүттөн алганда ЕАЭБ мейкиндигинде товарлардын, тейлөөнүн, капиталдын жана эмгек ресурсунун ээн-эркин жүгүрүшүнө жетебиз деп ишенеримди белгилей кетейин”.

Уюмдун ичиндеги өз ара соода чек араларда чектөөгө кабылган учурларына байланыштуу буга чейинки жыйындарда да маселе көтөрүлгөн. Анын ичинде Кыргызстандын жүк ташуучу автоунаалары Казакстандын чегинен өтө албай калган көрүнүштөр же Орусиянын чегинен жүздөгөн тонна товарлар артка кайтарылган учурлары белгилүү.

Бул жолку жыйында мына ушундай жагдайларга алып келген чектөөлөрдү алып салуу маселеси да айтылды. Бул маселеге Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин да токтолду.

Михаил Мишустин.
Михаил Мишустин.

“Биз товар жүгүртүүдө жакшы динамиканы байкап жатабыз. Бешилтиктин ичинде да, башка өлкөлөр менен да өскөнү көрүнүүдө. Бирок мындан ары да товарлардын, тейлөөнүн, капиталдын жана эмгек ресурсунун ээн-эркин жүгүрүшүнө байланыштуу тоскоолдуктарды жоюу боюнча активдүү иштерди алып барыш керек. Буга чейин элүүдөй тоскоолдуктар алынган, анын ичинде 12си былтыркы жылы жоюлган. Албетте, дагы көп нерсени жасоо керек. Бүгүн быйыл жана келерки жылы алына турган чектөөлөрдүн тизмесин бекитебиз. Буга байланыштуу “жол картасын” бекитүүнү жана аны өз убагында аткарууну камсыз кылууну сунуштайм”.

Аталган саммитте климаттык өзгөрүүлөрдүн алдын алуу, коронавируска каршы чогуу күрөшүү, көмүскө экономиканы кыскартуу, санариптештирүү, жумушсуздукту жоюу талкууга алынган темалардын катарында болду.

Евразия экономикалык биримдигинин ички рыногундагы чектөөлөр жана аларды алымча-кошумчалоо, уюмдун ичиндеги бажы алымдарынын мамлекеттердин бюджеттерине бөлүштүрүлүшү жана которулушу, мунай жана мунай өнүмдөрү, газ жана азык-түлүк багытында жалпы рынок түзүү жана башка маселелер тууралуу кеп болду.

Үчүнчү өлкөлөр менен карым-катыш

Саммитте Армениянын премьер-министри Никол Пашинян уюмдун алкагындагы өлкөлөр ичинде биргелешкен мунай жана газ рыногун чыңдоо темасына басым жасаса, Беларустун өкмөт башчысы Роман Головченко бирикмеден сырткары мамлекеттер менен карым-катыш темасына кайрылды.

“Көп чакырыктар жана карама-каршылыктар болууда. Бир жагынан алганда эл аралык соода акырындан жанданып келе жатат. Анын ичинде ЕАЭБдин ичинде да соода калыбына келе баштады, ал боюнча сандар айтылды. Анда да уюмдун бардык мүчөлөрүнүн көрсөткүчтөрүндө позитивдүү маанай бар. Биргелешкен өндүрүштөрү алып барган ички кооперациялардын эсебинен тышкы байланыш да бекемделүүдө. ЕАЭБдин үчүнчү өлкөлөр менен соодасы өсүп жатат. Бирок башка жагынан караганда уюмдун мүчө өлкөлөрүнө сырттан басым да күчөдү. Керек болсо Беларустун финансы секторуна чейин чектөөлөр кирди. Биз өлкөнүн экономикасы саясий кысымга кабылышына кызыкдар эмеспиз. Мына ушундай шартта биз ЕАЭБдеги өнөктөштөргө таянабыз жана Евразия экономикалык биримдигинин рыногу өзүн-өзү камсыз кылган рынок катары иштеп кетерине ишенебиз. Ал биринчи кезекте азык-түлүк жана заманбап технологиялар жаатында болуш керек. Ушул жагдайда ЕАЭБдин ичиндеги мамлекеттерге сырттан жасалган экономикалык басымга тыкыр көз салууга чакырабыз”.

Коронавирус пандемиясы, ага байланыштуу киргизилген чектөөлөргө жана уюмдун ичиндеги барьерлерге карабай Евразия экономикалык биримдигиндеги өз ара соода жыл башынан бери 32% өскөнү айтылды. Үчүнчү өлкөлөр менен алып-сатуу 2021-жылы 25% көбөйгөн. Бирок ушул жерден былтыркы көрсөткүчтөр пандемияга байланыштуу ансыз да түшүп кеткенин белгилеп коёлу.

Бул темага камтамачылыгын Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин жыйында жарыялады:

Аскар Мамин.
Аскар Мамин.

“Жалпы жонунан биздин мамлекеттердин өкмөттөрү улуттук масштабда жана ЕАЭБдин алкагында кабыл алган чаралары COVID-19 пандемиясы жараткан нес абалынан акырындан чыгарып жатат деп ишенимдүү айта алабыз. Аны менен бирге пандемияга байланыштуу тобокелдиктер мурда болжонгондон узагыраак мөөнөттү камтый турганын аңдашыбыз керек. Эл аралык Валюта Фондунун акыркы отчётунда дүйнөлүк өндүрүштүн калыбына келишинде белгисиздик жагдайы күчөп баратканы белгиленди”.

Евразия экономикалык биримдигинин ичиндеги бешилтиктен сырткары соңку саммитке байкоочу өлкө катары Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов да келди. Онлайн байланыш аркылуу Кубанын премьер-министри Мануэл Марреро Крус жыйында сөз сүйлөдү.

Соңунда кабарлангандай, уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары жана өкүлдөрү 15тей документке кол коюшту. Евразия Экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович анын ичинде чектөөлөрдү алымча-кошумчалоо жана башка маселелер бар экенин ортого салды:

"Өз ара товарды, тейлөөнү алмашуудагы барьерлер жөнүндө көп сөз болуп жатат. Бир эле барьерлер эмес, жалпы рынокто товарлардын айлануусуна кедергисин тийгизген башка да тоскоолдуктар бар. Мына ушул жагдайда 2021-2022-жылдары ЕАЭБдин ичиндеги тоскоолдуктарды алып салуу боюнча тизме да бекитилген. Анда 14 тоскоолдуктун тизмеси бар. Мына ушул нерселер алынса, биздин өлкөлөр ортосундагы соода жанданат деп үмүттөнөбүз. Эки жыл ичинде жок дегенде мына ушунун үчтөн бирин жоюшубуз шарт".

Чолпон-Атада өткөн саммит. 20-август, 2021-жыл.

Бишкек ЕАЭБдеги тоскоолдукту ачык айтты
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:57 0:00

Евразия Экономикалык Биримдиги 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин, 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.

Соңку жылдары Евразия Экономикалык Биримдигиндеги мүчөлүк Кыргызстанга пайда алып келбегени тууралуу пикирлер коомчулукта жана парламентте байма-бай айтылып келет. Айрым эл өкүлдөрү ачык эле биримдиктен чыгып кетүүнү сунуш кылышкан.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG