Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:17

Мамкатчы Абыкеев: Бизди колдоп, эки жыл чыдап берсеңер келечекте өнүккөн өлкө болобуз


Чолпонбек Абыкеев.
Чолпонбек Абыкеев.

Кыргызстан 10 жылдан кийин өнүккөн алдыңкы 50 мамлекеттин катарына кошулат. Мындай пикирин 27-августта “Биринчи радионун” эфиринде сүйлөп жатып мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев билдирди.

Ал кыргызстандыктарга кайрылып, алдыдагы эки жыл оор болорун, бирок үчүнчү жылдан тартып өнүгүү башталарын айтты.

Абыкеев Малайзия, Сингапурдун мисалын келтирип “Бизге ишенип, эки жыл чыдап бериңиздер” деди:

“Элибиз бизден өтө тездикти талап кылып жатат. Бүгүн эле өнүгө калсак деп жатат. Бирок, тилекке каршы, баары жомоктогудай болбойт экен. Беш жылдын ичинде, Кудай буюрса, экономикалык жактан күчтүү өнүгө баштаганыбыздын жолу ачылат. Эки жылдан кийин үчүнчү жылы туура жолго түшкөнүбүз көрүнөт. Эки жыл кыйналабыз. Муну ачык айтышыбыз керек элибизге. Ошондуктан элибизден эки жыл чыдап бергиле деп суранып жатам. 10 жылдан кийин өнүккөн алдыңкы 50 мамлекеттин катарына кошулабыз. 15-20 жылдан кийин алдыңкы 10-15 мамлекеттин катарына жете алабыз”.

Абыкеев президент Садыр Жапаров “жеке кызыкчылыгын ойлобой турганын, кандай жол менен болсо да Кыргызстанды гүлдөгөн өлкөгө айландыруунун үстүндө күнү-түнү иштеп жатканын” кошумчалады.

2020-жылдын октябрь айында парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктан улам Кыргызстанда бийлик алмашып, өлкө жетекчилигине мурдагы депутат Садыр Жапаров келген. Быйыл январь айында өткөн президенттик шайлоодо ал 79% добуш менен утуп чыккан.

Расмий маалыматка караганда Кыргызстандын экономикасы быйыл жарым жылдын жыйынтыгында 1,7% төмөндөдү. Мамлекеттик карыз (ички жана тышкы карыз) 416 миллиард сомдон ашып турат. Карыз ички дүң өнүмдүн 68% түзүүдө. Өлкө коронавирус пандемиясынын, 2020-жылдын октябрындагы окуялардын айынан да бир катар негизги көрсөткүчтөр боюнча артта калганын адистер айтып келишет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG