Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:34

COVID-19: Дагы төрт адам каза болду, 196 бейтап жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 27-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан төрт адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2507 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 196 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (65) жана Чүй (33), Ысык-Көл (36) облустарында.

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 175 009 адамга жетти.

Бир күндө 386 адам айыгып, ооруканадан чыкты. Азыр ооруканада 1184 адам жатат, дагы 1481 бейтап үйдөн дарыланууда.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Оорунун экинчи толкуну октябрда болгон.

Быйыл июнь айында күн сайын 2 миңдей бейтап жаңы катталып жатканда өкмөт оорунун үчүнчү толкуну башталганын жарыялаган. 24-августта үчүнчү толкун басаңдап баратканы расмий айтылды.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG