Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:24

Фракция лидерлери Коопсуздук кеңешине кирбейт


Өткөн айда Садыр Жапаров Таалатбек Масадыковду Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кылып дайындаган.

Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин курамын жаңыртты. Анын жарлыгына ылайык, кеңешти мамлекет башчы жетектеп, негизинен аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнөн куралат жана ага Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери кирбейт. Бул парламенттин кадыр-баркына байланыштуу талкууну кайра козгоду.

Садыр Жапаров 25-августта "Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндөгү” жарлыкка кол койду. Анда "кеңештин курамы Жогорку Кеңештин спикери, Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрация башчысы, мамлекеттик катчы, башкы прокурор жана тиешелүү мамлекеттик органдардын, коопсуздук кызматынын жетекчилеринен турат" деп жазылды. Ошондой эле кеңешке парламенттеги фракция лидерлери, коалициялык көпчүлүктүн жана оппозициялык азчылыктын жетекчилери кирбейт.


"Азаттык" президенттин басма сөз кызматына Коопсуздук кеңешинин ишинде дагы жаңылануу, жаңыруу болобу деген суроо менен кайрылды жана жообун күтүп жатат.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Сайдулла Нышанов Коопсуздук кеңеши парламенттеги фракция лидерлери жок куралганын эл өкүлдөрүнүн кадыр-баркына байланыштуу сын-дооматка байланыштырды.

Сайдулла Нышанов.
Сайдулла Нышанов.

"Президенттик башкарууга өткөргөндө "казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса" деген кыргызда сөз бар го. Эл ошондой укук берди. Негизи "кеңешип кескен бармак оорубайт" дегендей көпчүлүк болгону жакшы. Эми азыр эл өкүлдөрүнүн беш жылдык мөөнөтү бүттү. Тарыхта болбогондой кадыр-баркы түшүп кетип, эл өкүлдөрүнө деле ишеним жок болуп калды. Ошондуктан бардык маселе биригип келип депутаттардын, фракция лидерлеринин кошулбай калышына алып келди. Бирок бул убактылуу гана нерсе. Келечекте, жаңы шайлоодон кийин парламенттин депутаттары өздөрүнүн деңгээлин оңдойт".

Талдоочу Алмаз Кулматов болсо Жогорку Кеңештин кадыр-баркы мыйзам чыгаруу органына гана көз каранды экенин белгиледи.

"Конституция кабыл алынды, президенттик башкарууга өттүк. Бул реалдуулук. Парламенттин кадыр-баркы президентке караштуу тигил же бул институтка, комиссияга мүчө болууда, кеңештердин курамына кирүүдөн көз каранды эмес. Кандай Конституция болсо дагы парламенттин кадыр-баркы өзүнө гана жараша болот. Супер президенттик өлкөлөрдө деле парламент күчтүү болсо баарын ордуна коюп, өзү менен эсептешүүгө мажбур кылып жатат".

Коопсуздук кеңеши өлкө башчынын коргонуу саясаты жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жагындагы конституциялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.

Өткөн айда Садыр Жапаров Таалатбек Масадыковду аталган кеңештин төрагасынын орун басары кылып дайындаган.

Атайын кызматтын генерал-майору Артур Медетбеков аталган кеңешке байланыштуу алешемдиктерге токтолду.

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

"Коопсуздук кеңеши буга чейин ички жана тышкы саясатта, өзгөчө ички коомдук-социалдык маселелерди, коопсуздук көйгөйүн чечүүдө жогорку деңгээлде иш алып бара алган жок, чабалдык кылды. Бизде ошонун негизинде үч жолу төңкөрүш болду. Коопсуздук кеңеши мыкты иш жүргүзгөндө Кыргызстанда одоно мыйзам бузуулар, коррупциянын күчөшү жана тополоң болбойт эле. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө Коопсуздук кеңешинин иши өтө чабал. Экинчиден, Коопсуздук кеңешинин функциялары дагы төмөндөп калбадыбы. Кеңеш президенттин администрациясынын ичиндеги бир бөлүм болуп түзүлүп калган. Коопсуздук кеңеши өзүнчө бир чоң, эркин орган болушу керек. Мамлекетте бардык багытта талдоо жүргүзүп, терең талданган маалыматтарды президентке, президент ошонун негизинде чечим кабыл алганга шарт түзүлүшү абзел. Бүгүнкү күндө андай болбой жатат".

Ушул айдын башында Масадыковдун маегинен улам талаш-талкуу чыккан. Анда ал Улуттук коопсуздук комитетинин ишин сындаган. Көп өтпөй атайын кызмат " чекисттер Масадыковдун кеп-кеңешине муктаж эмес" деген мазмунда билдирүү таратып, аны кызматтык милдеттеринен чыкпоого чакырган.

Бул жагдай атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Масадыковдун өз ара пикир келишпестиги катары да бааланган.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмоновдун пикиринде, Коопсуздук кеңеши иш билги, кесипкөй кадрларга муктаж.

Курманбек Осмонов.
Курманбек Осмонов.

"Коопсуздук кеңеши президентке гана баш ийген, атайын түзүлгөн конституциялык орган. Анын ишин камсыздаган аппараты бар. Анын курамына парламенттин спикери киргени эле жетиштүү. Фракциянын, коалициянын жетекчилери, комитеттердин башчылары негизи кирбеши керек. Анда эл аралык коопсуздук, дипломатия жана аскер иши боюнча адистер болушу керек. Андай адистер бизде жетишсиз".

Коопсуздук кеңеши соңку ирээт апрель айында чек арага байланыштуу чукул жыйынга чогулган. Кезектеги талкуусу качан болору белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG