Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Казакстандык спортчу Паралимпиада оюндарында алтын алды


Казакстандык оор атлетчи Давид Дегтярев.
Казакстандык оор атлетчи Давид Дегтярев.

Казакстандык оор атлет Давид Дегтярев Токиодо өтүп жаткан Паралимпиада оюндарында алтын алды. Ал 54 кг. чейинки салмак категориясында 174 килограмм оордукту көтөрүп биринчи орунга чыкты.

25 жаштагы Дегтярев биринчи жолу Паралимпиада оюндарына катышып жатат. Ал май айында майыптыгы барлар арасында пауэрлифтинг боюнча дүйнө кубогун жеңген.

2018-жылы Азия оюндарында күмүш медалга татыган. 5-сентябрга чейин улана турган Паралимпиадага казакстандык 25 спортчу катышып жатат.

Кыргызстандан Токиодогу мелдештерге жеңил атлет Арстанбек Базаркулов менен дзюдочу Хайитхон Хусан кызы катышат.

Хусан кызы 28-августта дзюдо боюнча 57 килограмм салмакта күч сынашса, Арстанбек Базаркулов 4-5-сентябрда ядро жана найза ыргытуудан таймашка чыгат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG