Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Орусияда паспортун алдырган кыргыз мигранттар тобунун документи кайтарылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда паспортун алдырып койгон кыргызстандык мигранттар тобуна документтери кайтарылып берилди. Бул тууралуу 26-августта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 24-августта Орусиядагы элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери Калуга облусунун Балабаново шаарына барып келишти. Ал жерде 17-майдан бери 18 кыргызстандык иштеп жатканы белгилүү болду.

Алар Бишкектен Москвага учуп барганда Шереметьево аэропортунан Айнагүл аттуу аял тосуп алып, Балабанового жеткенде баарынын паспортторун алып койгону, эки айдан бери ошол жердеги «Техмашимпекс» ишканасында иштеп жатышканы айтылды.

Консулдук бөлүмдүн кийлигишүүсүнөн кийин баарынын паспорттору кайтарылып берилди.

ТИМ мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу максатында бул факт иликтөөгө алынарын, документин алдырып койгондор менен Орусиянын мыйзамдары тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирди.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны чет жакта мигрант болуп жүрөт, алардын көбү Орусияда. Мекендештерин алдап, мыйзамсыз миграция уюштурган кыргыз жарандары тууралуу буга чейин да айтылып келген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG