Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Ооганстан: Панжшердеги салгылашуу жөнүндө эки ача пикир айтылууда


Панжшер өрөөнү.
Панжшер өрөөнү.

“Талибан” кыймылы жана ага каршы турган Ахмад Масуд Панжшердеги салгылашуу жөнүндө эки башка пикир айтып жатышат.

“Талибан” кыймылынын өкүлдөрү 4-сентябрда Панжшер провинциясынын административдик борбору (Кабулдан 100 чакырым алыстыкта) Базаракка жакындаганын жана бир катар райондордо ийгиликке жетишкенин билдирди. Tolo News телеканалы маданият боюнча жергиликтүү комиссиянын мүчөсүнүн сөзүнө таянып, Панжшердеги төрт район талибдерге өткөнүн кабарлады. Азырынча бул маалыматты тастыктоого мүмкүнчүлүк боло элек.

Ооганстандагы мурдагы вице-президент, оппозиция лидерлеринин бири Амрулла Салех буга чейинки видео кайрылуусунда Улуттук фронттун күчтөрү кыйын кырдаалда турганын айтып, бирок каршылык уланарын билдирген.

Ооганстандагы каршылык көрсөтүү улуттук фронтунун башкаруучусу Тауфикулла Расих талибдердин жети согушкери өлтүрүлгөнүн “Азаттыкка” билдирди. “Талибан” кыймылы согушкерлеринин курман болгону жөнүндө маалыматты четке какты.

15-августта Ооганстандын борбору Кабулга талибдер басып кирип, өлкө аймагын толук көзөмөлгө алганын жарыялашкан.

Ахмад Масуд башында турган оппозициялык күчтөрдү бириктирген Улуттук фронт жоочуларга каршылык көрсөтүүдө. Масуд “Фейсбуктагы” баракчасына Панжшер “катуу позицияны карманууда” деп жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG