Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

Коронавирус 126 кишиден аныкталып, төрт бейтап каза болду


Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 5-сентябрдагы маалыматына караганда, соңку бир суткада вирустан төрт киши каза тапты.

Жалпысынан COVID-19дан каза болгондордун расмий саны 2550 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 126 адамдан табылды. 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 176 473 адам.

Азыр ооруканада 875 бейтап жатат, 1072 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Бир суткада 127 адам айыгып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 170 523 кишиге жетти. (TSh)

XS
SM
MD
LG