Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:12

Милицияга депутат Момбековдун үстүнөн арыз түшкөнү кабарланды


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековго каршы милицияга арыз түшүп, териштирүү жүрүп жатканын жазып чыгышты.

Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү “Азаттык” радиосуна депутаттын үстүнөн арыз түшкөнү боюнча тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.

Милиция тараткан маалыматка ылайык, 3-сентябрда 102 кызматы Чүй жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде кишилер чырдашып жатканы жөнүндө кабар түшкөн.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, BMW машинесин айдаган 27 жаштагы С.И. аттуу кишини Биринчи Май ички иштер бөлүмүнө алып келишкен. Ал "Р.М. аттуу жаран жана анын жансакчысы денеме залал келтирди" деп арыз жазган.

Эл өкүлү Рыскелди Момбеков АКИpress маалымат агентигине окуя боюнча комментарий берип, айдоочуга кол көтөрбөгөнүн айткан.

“Ал жол эрежесин бузду. “Коопсуз шаардын” камераларынан караса болот. Мен машинеден түшкөн эмесмин”, - деген Момбеков.

Депутат Момбеков бул окуя тууралуу билдирүү да таратты.

Анда ал 3-сентябрда саат 16.30 чамасында өзүнө кол салуу болгонун белгилеген. BMW машинесинин айдоочусу жолун тороп, терезеден үч-төрт жолу муштаганын айткан депутат муну "шайлоо астындагы чагым" деп баалаган.

Милиция фактыны Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 119-беренеси (“Майда бейбаштык”) менен каттап, териштирүү ишин баштаганы маалымдалды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG