Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Бүгүн журналист Алишер Саипов 40 жашка чыкмак


Алишер Саипов.
Алишер Саипов.

Бүгүн, 4-сентябрь маркум журналист Алишер Саиповдун туулган күнү.

Ал тирүү болгондо 40 жашка чыкмак.

Ош шаарында өзбек тилинде чыгып турган “Сиёсат” (Саясат) гезитинин редактору Алишер Саиповду 2007-жылы 24-октябрда белгисиз кишилер атып кеткен. Анын өлүмү кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырылып келет. Азыркыга чейин кылмыштын бети ачыла элек.

Журналисттин өмүрү 26 жашында кыйылып, артында кызы менен жубайы калган. Алишер Саиповдун ысымы Вашингтондогу "Ньюс Музеймдин" дүйнө жүзүндө кызмат учурунда курман болгон журналисттерди эскерүү тактасына жазылган. Маркумдун жакындары бул иште Өзбекстандын мурдагы бийлигинин колу бар деп күмөн санайт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG