Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:41

75 партия парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстанда парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, жазуу түрүндө билдирме тапшырган партиялардын саны 75ке жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады. Партиялардан билдирме кабыл алуу убактысы 18:00дө токтоду.
Документ тапшырган саясий партиялар 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин түзүүсү керек.

18-октябрга чейин шайлоого катышуучу саясий партиялар да, бир мандаттуу аймактардан чыкчы талапкерлер да тиешелүү документтерин БШКга жиберип, 29-октябрга чейин талапкер катары катталышат.

Ал эми бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлердин шайлоого катышуусу жөнүндө билдирмеси 13-октябрга чейин кабыл алынат. Алар саясий партиялардан да, өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен да шайлоого катыша алышат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды. Жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат. (КЕ)

БШКга арыз берген партиялардын тизмесин ушул жактан караңыз.
75 партиянын тизмеси

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG